"Тазар" уюму Айыл Банктын кызматкерлери үчүн таштандыларын сорттоонун маанилүүлүгү жана эрежелери боюнча тренинг өткөрдү

22.08.2024

Бүгүн, Айыл Банк "Тазар" экологиялык уюму менен биргеликте кызматкерлер үчүн "Таштандыларын сорттоонун маанилүүлүгү жана анын эрежелери" тууралуу тренинг уюштурду. Бул иш-чара экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу жана корпоративдик маданиятка туруктуу өнүгүү принциптерин интеграциялоо боюнча банктын программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

"Тазар" адистери тарабынан өткөрүлгөн тренинг айлана-чөйрөнү коргоонун негизги аспектилеринин бири катары калдыктарды туура сорттоонун маанилүүлүгүн баса белгилөөгө багытталган. Катышуучуларга кайра иштетиле турган таштандылардын ар кандай категорияларга бөлүү менен андан ары утилизациялоо үчүн аны кантип туура бөлүштүрүү керектиги жөнүндө айтып беришти.

Катышуучулар таштандыларды туура сорттоо жана өндүрүш таштандыларын иштетүү жолу менен Кыргызстандын экологиясын таза сактоого жардам бере турган маанилүү маалымат алышты.

Айыл Банк өз кызматкерлеринин экологиялык маалымдуулугун андан ары жогорулатуу үчүн "Тазар" уюму жана башка экологиялык демилгечилер менен кызматташууну улантууну пландаштырууда.

← Тизме боюнча артка