Айыл Банк БУУнун Жоопкерчиликтүү банктык ишмердиктин принциптерине кол койду

27.08.2024

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) жоопкерчиликтүү банк иши программасынын принциптерине кошулуу тууралуу

Айыл Банк 2024-жылдын 15-августунда БУУнун жоопкерчиликтүү банк ишине тиешелүү
программасынын принциптерине – дүйнө жүзүндөгү банктар менен биргелешип курчап
турган чөйрөнү коргоо программасынын (UNEP FI) финансылык демилгеси алкагында
иштелип чыккан туруктуу банк тармагын калыптандыруунун жалпы негиздерине расмий
кол койгон жак болуп калды.


Бул принциптер банктардын стратегияларынын жана иш тажрыйбаларынын
БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарында аныкталган келечекке көз чаптыруу шарттарына
жана Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж келишимине ылайык келишин камсыз кылган
негиз болуп саналат. Принциптерге кол койгон банктар туруктуу багытты көздөгөн,
алдыңкы каржылоо уюму катары бизнесинин түпкүлүгүндө орчундуу бул маселени өзөк
катары карап, аны ишке ашырууга интеграциялануу менен туруктуу өнүгүү
стратегияларында ага басым жасоого милдеттенишет.


Программанын принциптерине ылайык, кол койгон банктар өз иш багытындагы
экологиялык жана социалдык натыйжаларга баа берип, айрыкча таасир эткен багыттарда
максаттарды белгилеп, аларды ишке ашыруу менен жетишкендиктер тууралуу отчетторду
мезгил-мезгили менен жарыялап турууга тийиш. Бул Прициптер банктарга орун алган
тобокелдиктерди тереңден, системалуу иликтеп түшүнүү үчүн негиз болуп, кыйла
туруктуу экономикага өтүү натыйжасында келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдөн
пайдаланууга өбөлгө түзөт.


Принциптерге кол койгон банктар учурда сунушталып жаткан банктык продукттар,
кызмат көрсөтүүлөр жана өз ара жөнгө салынган ишкердик мамилелер жалпы адам
баласы жана бүтүндөй аалам үчүн кең келечек пайдубалын түптөп, кийинки муун сыяктуу
эле, бүгүнкү күн үчүн да жалпы бакыбаттуулукка жетишүүдө зарыл өзгөрүүлөрдү
колдоого алып, аларга дем берип жаткандыгын айкын тастыктоо менен лидерлик ролдо
иш алып барууда. Алар ошондой эле, бүтүндөй тармак үчүн пайдалуу болгон
тажрыйбалык сунуш-көрсөтмөлөргө жана алгылыктуу иш ыкмаларына таянуу менен
биргелешип иш алып баруу, алдынкы тажрыйбалар менен бөлүшүү аркылуу, туруктуу
каржылоого күч топтогон дүйнөдөгү эң ири, глобалдуу банктык шериктештикке таламдаш
иш алып баруу ниетин көздөшүүдө.


Албетте бул, аба ырайынын өзгөрүүсү, жаратылыштын кунарсызданышы, абанын,
суунун булганышы, ошондой эле башка социалдык проблемалар сыяктуу планетардык
масштабдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн эң эле зарыл болгон эбегейсиз зор милдеттенмелер
топтомун камтыйт.


Айыл Банк ар бир иш багытын сапаттуу жүргүзүү жана аларга жоопкерчиликтүү
мамиле кылуу ниетин дайыма көздөп келген жана аны учурда да улантууда. Демек,
жоопкерчиликтүү банк ишинин принциптери Банктын чечкиндүү чечимдерди кабыл
алып, так жана келечекти көздөгөн максаттарды белгилөөсүн айкын чагылдырат. Айыл
Банкта ушул багытта жүргүзүлүп жаткан ишти жөнгө салган бир катар документтер кабыл
алынган, атап айтканда, ESG стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын,
Корпоративдик башкаруу кодексин, Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди
тескөөгө алуу саясатын, “Курчап турган чөйрөгө жана коомго келтирилип жаткан
таасирлерге баа берүү жөнүндө” жобону атоого болот.


Банк Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов БУУнун принциптерине кол
коюу жагдайына байланыштуу кайрылуусунда “Банк Кыргызстанда БУУнун Курчап
турган чөйрө программасынын финансылык демилгесинин «Жоопкерчиликтүү банк иши
принциптерине» кол койгон алгачкы банк болуп калгандыгына сыймыктанабыз жана
ушул принциптерге кошулуу аркылуу туруктуу өнүгүү жагындагы эң мыкты дүйнөлүк                                            тажрыйбага таянуу менен бул ишти андан ары илгерилетебиз. Банк экономиканын негизги
секторлорунун туруктуу өнүгүүгө ык коюушу жана курчап турган чөйрөгө, жалпы коомго
келтирилип жаткан терс кесепеттерди басаңдатуусу үчүн аларга өбөлгө түзүп, дем бере
алган олуттуу потенциалга да ээ, демек, бул багытта көрүлүп жаткан аракеттер банк
кызматкерлери сыяктуу эле, анын кардарлары, ошондой эле бүтүндөй коом үчүн узак
мөөнөткө каралган баалуулукту калыптандырууга өбөлгө түзөт”, - деп белгилеген.

← Тизме боюнча артка