Айыл Банк менен Ош шаарынын Муниципалдык ипотекалык ишканасынан жаңы ипотекалык долбоор

29.08.2024

 Айыл Банк менен Ош шаарынын Муниципалдык ипотекалык ишканасынан жаңы ипотекалык долбоор!  Биз «Айыл Банк» ААК менен Ош шаарынын Муниципалдык ипотекалык ишканасынын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлгандыгын кубануу менен билдиребиз. Бул кызматташтыктын алкагында жеңилдетилген шарттар менен батир сатып алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат.

 Долбоордун шарттары:

• Пайыздык чен — болгону жылдык 8%, ЭПЧ – 8,30%

• Насыянын мөөнөтү — 7 жылга чейин

• Баштапкы төгүм — турак жайдын наркынан 30%

Азыркы учурда көп батирлүү 4 үйдүн курулушу аяктап жатат жана биз ушул жаңы үйлөрдөн батир сатып алууңузга насыялоону сунуштоого даярбыз.

«Ош ш. МИИ» программасы — бул өз турак-жайың жөнүндө кыялыңды ишке ашыруунун мыкты мүмкүнчүлүгү!

Батирди үлүштүк катыш менен сатып алуу боюнча маселелер менен Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасына кайрылса болот.

 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн дароо азыр чалыңыз:  0552818142

 

← Тизме боюнча артка