«Береке» тиркемесинин функционалын кеңейтүү максатында 1-сентябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин банк тарабында техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз

30.08.2024

Урматтуу «Айыл Банк» АКАКтын «Элкарт Бизнес» карталарынын ээлери!

«Береке» тиркемесинин функционалын кеңейтүү максатында 1-сентябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин банк тарабында техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Техникалык иш учурунда «Элкарт Бизнес» карталары АБ24 тиркемесинде жеткиликтүү болбойт, ошондой эле QR-код колдонуу менен которуулар/төлөмдөрдү кабыл алуу жеткиликтүү болбойт.

Техникалык иштер аяктагандан кийин бардык «Элкарт Бизнес» карталары «Береке» мобилдик тиркемесине өткөрүлөт.

Буга байланыштуу төлөмдөрдү  кабыл алуу үчүн QR-кодун жаңылоо зарыл.
Ишти улантуу үчүн 2024-жылдын 1 сентябрына чейин «Береке» мобилдик тиркемесине катталууңузду суранабыз.

Тиркеме менен иштөө боюнча нускоо банктын сайтынан төмөнкү дарек боюнча таанысаңыз болот: https://www.ab.kg/bankovskie-uslugi-uridicheskim-licam/ab_bereke
Түшүнгөнүңүз жана кызматташууңуз үчүн рахмат!

← Тизме боюнча артка