Маанилүү жаңылык!

02.09.2024

 Маанилүү жаңылык!

Өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо аркылуу экономиканы алга жылдыруу максатында 2024-жылдын 24-августунда «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК менен «Айыл Банк» ААК ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы «Өнөктөш-банктар аркылуу лизинг» программасынын алкагында Айыл Банкка 100 миллион сом бөлүп берет. Бул каражаттар чакан жана орто бизнести колдоого, өнүктүрүүгө, ошондой эле  лизингдик операциялар аркылуу инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого багытталат.

 Лизинг программасы сатып алуу үчүн төмөнкү пайдалуу шарттарды сунуштайт:

- Айыл чарба жана адистештирилген техника

- Өнөр-жай, технологиялык жана өндүрүштүк жабдуу.

Бул кардарларыбыздын рыноктон төмөн чендер менен керектүү ресурстарга жетишүүсүнө, өлкөнүн агроөнөр-жай секторунун өнүгүүсүнө, экономиканын өсүшүнө, жумушчу орундардын көбөйүшүнө жана ата мекендик өндүрүштүн кеңейишине шарт түзөт.

 Айыл Банк менен бирге бизнесиңизди өнүктүрүңүз.

Толук маалымат алуу үчүн бизге кайрылыңыз:

Телефон: 312 316 216

← Тизме боюнча артка