«Айыл Банк» ААКнын Кеңейтилген башкармалыгынын жыйыны өттү

06.09.2024

2024-жылдын 6-сентябрында «Айыл Банк» ААКнын Кеңейтилген башкармалыгынын жыйыны өтүп, ага Директорлор кеңешинин, Банк Башкармасынын мүчөлөрү жана аймактардагы филиалдардын бардык жетекчилери катышты.

Жыйында Башкарманын төрагасы Тилек Алимжанов сөз сүйлөп, банктын 9 айлык ишинин жыйынтыгын чыгарды. 
«Бүгүн, 6-сентябрда, биз Айыл Банктагы 9 айлык иштердин жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Бул жыйында Директорлор кеңеши жана аймактардагы филиалдардын жетекчилери менен бирге жетишкендиктерибизди жана келечектеги пландарыбызды талкууладык», деп белгиледи.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын активдери 139 млрд сомду түздү, кредиттик портфел 47 млрд сомдон ашты, депозиттик портфел 103 млрд сомго жетип, банктын уставдык капиталы 16 467,5 млн сомду түздү. Бул жетишкендиктер «Айыл Банк» ААК банк секторундагы лидер катары белгиленип, мындан ары да алдыга умтулууну улантат.

Жыйында жаңы продуктуларды жана стратегияларды ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Айрыкча, банк ESG стратегиясын иштеп чыгып, аны ишке киргизүүдө, бул багыт банк үчүн өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Ошондой эле «Ислам терезеси» программасынын ийгиликтүү иштеп жатканы белгиленди, ал учурда бардык филиалдарда иштеп, портфели 800 млн сомдон ашты.

Тилек Алимжанов санариптештирүүнүн жана жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн да баса белгиледи. Жакында эле чакан жана орто бизнес үчүн иштелип чыккан «Береке» мобилдик колдонмосу чыгарылды. Бул колдонмо ишкерлердин мамлекеттик органдар жана банктар менен иш алып баруусун жеңилдетүүчү жаңы функциялар менен дайыма жаңыланып турат.

Ошондой эле, санариптештирүүнүн башка багыттары боюнча да иштер жүрүүдө. «Айыл Банк» жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, Visa продукттарын, анын ичинде премиалдык Visa Infinite карталарын жана инновациялык төлөм чечимдерин ишке киргизүүдө. Бул төлөм ыкмаларына шакек жана билерик сыяктуу түзүлүштөр аркылуу жүргүзүлүүчү төлөмдөр кирет.

«Айыл Банк алдыга ишенимдүү кадам таштап, кардарларыбыздын ишенимин бекемдеп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда», — деп жыйынтыктады Тилек Алимжанов.

← Тизме боюнча артка