Бүгүн – Мамлекеттик тил күнү!

23.09.2024

Бүгүн – Мамлекеттик тил күнү!

Бул мааанилүү күндө биз кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жана сакталышына салым кошкон улуу инсандарды эскеребиз. Мындай атактуу агартуучулардын бири, кыргыз мектептери үчүн окуу китебинин алгачкы автору – Ишеналы Арабаев (1882-1933). Анын эмгектери аркылуу балдарга өз эне тилин жеткиликтүү жана түшүнүктүү тилде өздөштүрүүсүнө жардам берген алгачкы «Алиппе» түзүлгөн.

Ишеналы Арабаев өз өмүрүн эл агартуу менен кыргыз маданиятынын, тилдик сабаттуулуктун жана билим берүүнүн өнүгүүсүнө арнаган. Анын эмгектери биздин тарых менен маданияттын маанилүү бөлүгү бойдон калмакчы.

Майрамыңыздар менен! Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

← Тизме боюнча артка