Айыл Банк жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды

26.12.2024

Айыл Банк жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык демилгелерди активдүү колдогону үчүн "Айыл Банк" ААКсына Ыраазычылык кат тапшырды.

Башкармалыктын төрагасынын орун басары Норузбаев Жанар Жолдошбекович айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө кошкон жеке салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланды.

“Айыл Банк” ААКсы келечек муундар үчүн жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоону иштерин мындан ары да уланта бермекчи.

← Тизме боюнча артка