Айыл Банк айыл чарба кооперативдери үчүн жаңы кредиттик продукттун ишке ашырууну баштады
Айыл Банк агарардык секторду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантуу менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” (ФОТП) жаңы кредиттик продуктту ишке киргизүүдө.
Айыл чарба кооперативдеринин, акционердик жана жоопкерчилиги чектелген коомдордун алкагында биргелешип иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн атайын иштелип чыккан.
ФОТП каржылоонун негизги 3 багыты:
Кредиттин шарттары:
- мал чарбачылыгына жана өсүмдүк өстүрүүгө - 25 млн. сомго чейин;
- жогорку эффективдүү технологияларды ишке киргизүү үчүн - 50 млн. сомго чейин.
Жаңы кредиттик продукт, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана агрардык кооперативдерге өндүрүшүн кеңейтүү, анын натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап технологияларды ишке киргизүү үчүн жеткиликтүү каржылоону алууга мүмкүндүк берет. Ал да болсо айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүн арттырууга багытталган кадамыбыз.
Кредиттик продукттун шарттары жана талап кылынуучу документтердин тизмеси тууралуу толук маалыматты Банктын филиалдарынан, https://www.ab.kg дареги боюнча жайгашкан расмий сайтынан же 5511 ишеним телефону аркылуу алсаңыздар болот.
Айыл Банктын ФОТП программасына кошулуп, пайдалуу каржылоо аркылуу өз өндүрүшүңүздү өнүктүрүп, өркүндөтүңүз!
Улуттук банкынын № 048 лицензиясы