Айыл Банк жана Beeline Кыргызстан мобилдик банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Эми интернет топтому түгөнүп, баланс нөлдө болсо да, Beeline'дын абоненттери «АБ24» тиркемесин акысыз колдоно алышат.
Демек, Сиз каалаган убакта тиркемеге кирип, тарифиңизди жаңыртуу же жаңы топтомду кошуу максатында балансыңызды толуктай аласыз.
Бул кандай иштейт?
1. Мобилдик интернетти иштетиңиз.
2. Beeline SIM-картасы колдонулуп жатканын текшериңиз.
3. «AБ24» тиркемесин ачыңыз — даяр!
Төлөмдөрдү аткаруу, акча которуу, эсепти башкаруу жана башка ыңгайлуу функциялардан трафиксиз пайдаланыңыз.