Айыл Банктын кардарлары үчүн маанилүү маалымат!
2025-жылдын 14-апрелинен 17-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген пилоттук долбоор күчүнө кирди.
Долбоордун алкагында: Орус рублиндагы акча которууларды кабыл алуу боюнча эсептик банк болуп “Капитал Банк Борбордук Азия” ААКсы дайындалды.
Бул Айыл Банктын кардарларынын эсептерине түшүүчү орус рублиндагы бардык акча которуулар жөн гана “Капитал Банк Борбордук Азия” ААКсынын реквизиттери аркылуу жүргүзүлүшү керек дегенди билдирет. Башка корреспондент банктарды колдонуу Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын бузулушуна алып келет.
Айыл Банк буга чейин мындай операциялар үчүн актуалдуу реквизиттерди кардарларына берген.
Аларды өз өнөктөштөрүңүзгө жана контрагенттериңизге каражаттардын туура түшүшү үчүн бөлүшүп туруңуз.
Актуалдуу реквизиттер бул шилтемеде жеткиликтүү:
https://ab.kg/about/platejnye-rekvezity
Негиздер: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №171-р буйругу, 17.03.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №2025-П-12/14-1-(БС) токтому, 04.04.2025
Сураныч, бул маалыматты кылдаттык менен кабыл алыңыз. Бул талаптарды сактоо — акча которууларыңыздын туура жана өз убагында жетишинин кепилдиги.