4-май күнү Айыл Банктын Токмок филиалынын кызматкерлери “Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун Токмок окуу-өндүрүш ишканасынын” мүчөлөрүнө тамак-аш түрүндө материалдык жардам көрсөттү. Кайрымдуулук баштыгына ар кандай керектүү азык-түлүк салынды. Токмок филиалынын жетекчиси Нарынбек Токтогулов мындай иш чаралардын дайыма өткөрүлүп жатканын белгилеп кетти.
“Мисалы, 2015 жана 2016-жылдары 9-май күнү биз Ата Мекендик согуштун ветерандарын куттуктап, жетим балдарга жардам көрсөттүк. 2016-жылы оорулуу балдар жашаган №2-интернатка жардам бердик. Ошондой эле 1-июнь күнүнө карата аларга кайрымдуулук акциясын өткөрдүк. Келечекте дагы биз колубуздан келген жардамды көрсөтүп турабыз”, - деп Нарынбаек Токтогулов ишендирип кетти.