Бул Токтом чыккандан кийин, Банк менен КРдин Финансы министрлиги жана КРдин Экономика министрлигинин ортосунда, “АЧК-5” долбоору боюнча субсидияларды берүү жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Ушул макулдашууга ылайык берилген субсидияланган насыялардын суммасы 1,0 млрд. сомду түздү, бирок 2017-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңештин комитети Банкка кошумча 1,5 млрд. сомду бөлүп берди, ошондуктан субсидияланган насыялардын жалпы суммасы жылдын аягына чейин 2,5 млрд. сомду түзөт.
2017-жылдын 28-июнуна карата “Айыл Банк” ААК төмөндөгүдөй субсидияланган насыяларды берди:
Мал чарбачылыкка:
Берилди |
||
Сумма, миң сом |
Саны |
|
Бардыгы Банк боюнча: |
893 568 |
2 098 |
Дыйканчылыкка:
Берилди |
||
|
Сумма, миң сом |
Саны |
Бардыгы Банк боюнча: |
203 198 |
589 |
Агро кайра иштетүүгө:
Берилди |
||
Сумма, миң сом |
Саны |
|
Бардыгы Банк боюнча: |
222 665 |
81 |
Бардыгы банк тарабынан берилди:
Берилди |
||
Сумма, миң сом |
Саны |
|
Бардыгы Банк боюнча: |
1 319 431 |
2 768 |
2017-жылдын 23-майында КРдин Премьер-министри 2017-жылдын 23-июнуна чейин “АЧК-5” мамлекеттик программасы боюнча насыялоонун көлөмдөрүн былтыркы көрсөткүчтөргө жеткирүүгө тапшырма берди. 2016-жылдын 23-июнуна чейин берилген насыялардын суммасы 1 175 млн. сомду түздү, быйыл ушул мезгилдин ичинде 1 272 млн. сомго насыялар берилди. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу “Айыл Банк” ААК КРдин Премьер-министрдин тапшырмасын аткарды.