Бул иш чара Банктын жамаатынын узакка созулган ишине жыйынтык чыгарып, Кыргызстандын бардык аймактарына, алыскы региондорду кошо, “Береке” электрондук капчыгын таратууга старт берди. Анткени Банк 180 ашуун түйүндөн турган эң кеңири регионалдык тармакка ээ.
Иш чара бардык түйүндөрдө бир убакта саат 10 до башталды. Аларда Банктын Башкармасынын башында Төрагасы Мурат Акимов турган бардык мүчөлөрү, региондордогу филиалдардын башкаруучулары жана Банктын кызматкерлери катышты. Бишкекте алып баруучулар болуп “Жарайт Сити” мыскыл жана тамаша сериалынын популярдуу артисттери чыгышты.
Бет ачардын учурунда кызматкерлер “Береке” электрондук капчыгы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө айтып беришти, байгелер ойнотулду, викторина өткөрүлдү, ошондой эле каалоочулар турган жеринде эле өз электрондук капчыктарын каттоодон өткөрүштү. Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкекте гана бир күндүн ичинде 650 гө жакын адам каттоодон өтүүгө үлгүрүштү жана капчыктарды толтуруу 58 миң сомдон ашык суммага жүргүзүлдү.
Мурат Акимовдун сөзү боюнча: “Айыл Банктын” электрондук капчыгы төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү гана кеңейтпестен, алып айтканда алыскы райондордун калкын инновациялык кызматтарга тартып, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Финансылык сабаттуулукту жойуу менен, айрыкча өсүп келе жаткан муундун, биз өлкөбүздүн келечектеги өсүшүнө чоң салым кошкон болобуз”.
“Береке” капчыгынын артыкчылыктары: