Семинарда МПЦ ЖАКтын (Банктар аралык процессинг борбору) жаңы долбоорлору сунушталып, 2017-жылдын жыйынтыктары чыгарылды.
2017-жылдын жыйынтыктары боюнча Айыл Банк Элкарт магниттик тилкеси менен карталардын эмиссиясы боюнча эң мыкты банк болуп таанылды. 2017-жылдын ичинде Банк 22 миң Элкарт картасын чыгарып, Элкарт картасынын эмиссиясы боюнча биринчи орунду ээледи.