“Ысык жай” акциясы боюнча чакан жана орто ишкердик субъектилерин каржылоо жолу менен КРдин кепилдик тутумунун өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн “Айыл Банк” ААК “Эң мыкты банк” номинациясында 1-орунду ээледи. Ушул сыйлыкты Банк эмгегине жараша алды, себеби Кыргыз Республикасынын башка Банктардын арасында Айыл Банктын 01.11.2017ж. карата көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: уставдык капитал боюнча 1-орун, кредиттик портфель боюнча 2-орун, накта киреше боюнча 4-орун, бул көрсөткүчтөр, Банк дайыма өнүгүүгө умтулганы жөнүндө далилдеп турат. Жана бул сыйлык ошону тастыктайт.
Мындан тышкары, Эң мыкты филиал номинациясында 1-орунду “Айыл Банк” ААКтын Нарын филиалы ээледи. Ошондой эле Айыл Банктын беш филиалы, атап айтканда Кочкор, Кызыл-Кыя, Кант, Токмок жана Кара-Балта филиалдары, кепилдиктер менен камсыздалган чакан жана орто ишкердик субъектилерине насыяларды берүү боюнча натыйжалуу ишти уюштурганы үчүн Ардак грамоталары менен сыйланды.
“Айыл Банк” ААКтын Ат-Башы аймактык бөлүмүнүн кызматкери Бекназар Тагайназаровго “Кепилдиктерди колдонуу менен берилген насыялардын эң чоң саны” номинациясында башкы байге «Iphone-6» ыйгарылды, ал эми Кочкор филиалынын кызматкери Венера Насирова Нарын облусу боюнча ушул эле номинацияда 1-орунду ээлеп, «Daewoo» маркадагы телевизорду утуп алды.
Төмөнкү филиалдардын бир катар кызматкерлерине жогорку даражадагы кесипкөйлүк үчүн жана кепилдиктер менен камсыздалган насыяларды берүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Алкыш каттар тапшырылды:
Абдыкасым Акматов - Кадамжай филиалы
Кабан Аширалиев - Токмок филиалы
Султанбек Кашбаев – Чолпон-Ата филиалы
Урмат Кудайбердиев – Гульчө филиалы
Банктын кызматкерлерин алган сыйлыктары менен куттуктайбыз жана ишинде ийгилик каалайбыз.