Бул жаңы продуктынын мүнөздөгүчтөрү 2017-жылдын 24-октябрында бекитилгени жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Эми Банк элге керектүү товарларды (турмуш-тиричилик/ уюмдаштыруучу техника, эмеректер жана жеке пайдалануу үчүн башка товарлар) мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу үчүн өнөктөш-дүкөндөр аркылуу кредиттерди бере алат.
“Элдик” продуктысы боюнча кредиттер төмөнкүлөргө берилет:
- ай сайын стабилдүү акча кирешеси жана/ же менчикте олуттуу активдери бар болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- биздин Банкта/ же болбосо башка банкта эмгек акы долбоору боюнча тейленген уюмдун кызматкерлерине;
- “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлерине.
Ушул продукт боюнча кредит алууну каалаган адамдардын Банкта же башка финансы-насыялык мекемелерде жакшы кредиттик тарыхы / кредит тарыхысыз болушу керек.
“Элдик” кредит продуктысынын мүнөздөгүчтөрү:
- Кредиттин минималдуу суммасы – 5 000 (беш миң) сом, ал эми максималдуу суммасы – 100 000 (жүз миң) сом;
- Кредиттин мөөнөтү 3 айдан 18 айга чейин;
- Пайыздык чендер жылдык 26%дан баштап 30%га чейин;
- 3-жактын кепилдиги (50 000 сомго чейинки насыялар кепилдиксиз берилиши мүмкүн);
“Элдик” кредитти алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- зайымчынын, күйөөсүнүн/ аялынын, кепилдин паспорту;
- зайымчынын жана кепилдин акыркы 6-12 айдын ичиндеги кирешелери жөнүндө маалымкат (Банкта эмгек акы долбоору боюнча тейленген зайымчылардан талап кылынбайт.