Бул узартылган тартипте иштеген “Кардарларды тейлөө борбору” статусу менен касса 2018-жылдын 5-февралынан баштап ишин баштайт. Операциялык ишмердүүлүктөн тышкары, бул касса кредиттерди алууга табыштамаларды кабыл алуу боюнча жана карт-эсептерди ачуу боюнча ишти жүргүзөт.
Сактык кассага төмөнкү банк кызматтарын көрсөтүүгө укук берилген:
жеке жактарды тейлөө боюнча:
- депозиттик келишимге ылайык жеке жактардан депозиттерди кабыл алуу;
- бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
- пенсияларды жана пособияларды берүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;
- накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;
- банктык төлөм карталары боюнча операцияларды жүргүзүү;
- жеке жактар үчүн акча которууларды жүргүзүү;
- алган насыяларды төлөп берүү үчүн банктын кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу;
- Банктын Башкы кеңсесинде же филиалдарында бекитилген насыялар боюнча акча каражаттарды берүү;
- электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү;
юридикалык жактарды жана юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлерди эсепти ачпастан төмөнкү операциялар боюнча тейлөө:
- Кыргыз Республикасынын бюджетине накта акча каражаттарды кабыл алуу;
- коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
- тиешелүү документтер бар болгон учурда Банктын башкы кеңсесинин жана филиалдардын кардарларына эсептешме-кассалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү;
- электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү;
- Банктын ишинин бардык маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.