Маалымат технологиялары департаментинин Долбоорлоо бөлүмүндө акы төлөнүп берилүүчү тажрыйбалык такшалуудан өтүү

Функционалдык милдеттери:  

  • Долбоорду тескөөгө, пландаштырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана контролдоого көмөктөшүү.  
  • Бизнес талаптарды, спецификацияларды, иш-аракеттер пландарын жана статус тууралуу отчетторду кошо алганда долбоордун документтерин түптөө жана коштоп жүрүү. 
  •  Коюлган тапшырмаларды бөлүштүрүүнү, эриш-аракак иш алып барууну жана белгиленген тапшырмалардын аткарылышын контролдоону кошо алганда, долбоордун менеджерлерине ишти координациялоого көмөктөшүү.  

Коюлуучу талаптар: 

  • Agile, Waterfall, Scrum сыяктуу долбоорлорду тескөөгө алуу ыкмаларын мыкты билүү. 
  • Милдеттерди жана долбоорлорду тескөөгө алуу шаймандарын билүү 
  • Долбоордун жүрүшүн натыйжалуу пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо жөндөмү 
  • Өз ара байланшыты ишке ашыруу жана долбоордо иш алып барган мүчөлөр, буюртмачылар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара каракеттенишүүнү натыйжалуу тескөө  
  • Уюштуруучулук жөндөмү жана  долбоордун ар тараптарына байкоо салып туруу  

 

Түзүлүп берилүүчү шарттары:  

  • Кеңседе иштөө, акы төлөнүүчү тажрыйбалык такшалуу  
  • Мыкты командада иштөө  
  • Расмий түрдө жумушка кабыл алуу, кесиптик жактан өсүү жана жеке жактан жетилүү 
← Тизме боюнча артка