Маалымат технологиялары департаментине Тайм-менджер талап кылынат

Талапкер ресурстарды натыйжалуу тескөөгө алуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн, аналитикалык ой жүгүртүп, элдер менен мамиле түзө билген, иш жагдайын алдын-ала болжолдой алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, Jira, Битрикс24 жана башка ушул сыяктуу тапшырмаларды тескөөгө алуу шаймандарын колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө чоң артыкчылык берилет. 

Аткара турган милдеттери: 

  1. Кызматкерлердин иш убактысын уюштуруу жана контролдоо. 
  2. Бизнестеги керектөөлөргө ылайык долбоорлор жана белгиленген тапшырмалар үчүн убакытты көзөмөлдөө системасы менен иш алып баруу. 
  3. Иш убакытын тескөөгө алууга талдап-иликтөө жана процесстерди оптимизациялоо. 
  4. Долбоорду өздөштүрүүгө кеткен тапшырмаларды аткаруу жагында долбоорлордун жетекчилери менен үзгүлтүксүз байланышта болуу. 
  5. Жетекчилер үчүн отчетторду даярдоо. 
  6. Иш жагдайы боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. 
  7. Прогресске жана өндурүштүүлүккө мониторинг жүргүзүү. 

Коюулуучу талаптар: 

  1. Тайм-менеджемт же долбоорлорду тескөө жагында тажрыйбасынын болуусу (маалыматтык технолоиялар жагындагы ишине артыкчылык берилет). 
  2. Убакытты тескөөгө алуу ыкмаларын жана шаймандарын мыкты түшүнүү. 
  3. Аналитикалык ой жүгүртүү жана маалыматтарды системага салуу жөндөмү. 
  4. Excel программасы жана олуттуу маалыматтар менен иш алып баруу жөндөмү. 
  5. Эмгек жамаатынын ар бир мүчөсү менен эриш-аркак иштей билүү  
  6. Jira, Битрикс24 жана башка ушул сыяктуу тапшырмаларды тескөөгө алуу шаймандарын колдоно алуу жөндөмдүүлүгү 

Иш шарттары:  

  1. Кеңседе иштөө  
  2. Расмий түрдө жумушка кабыл алуу 
  3. Татыктуу эмгек акы (маектешүү учурунда талкууланат)  
  4. Кесиптик жактан өсүү жана жеке жактан жетилүү 
← Тизме боюнча артка