Билими:
- Жогорку юридикалык билим (Бакалавр же магистратура).
- Банк, финансы, жарандык же корпоративдик укук тармагындагы адистик.
Иш тажрыйбасы:
- Юридика тармагындагы иш тажрыйбасы (3 жылдан 5 жылга чейин).
- Банк же финансылык уюмдарда иш тажрыйбасына артыкчылык берилет.
- Мамлекеттик органдар менен өз ара иш алып баруу, жөнгө салуучулар ченемдерин билүү.
Кенсипкөйлүгү жана иш билгилиги:
- Банк жана финансы мыйзамдарын мыкты билүү.
- Жарандык, корпоративдик, эмгек жана салык мыйзамдарын билүү.
- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана талаш маселелерди жөнгө салуу жагындагы көндүмү.
- Келишимдерди жана башка юридикалык документтерди түзүү жана талдап-иликтөө тажрыйбасы.
Жеке сапаттары:
- Жоопкерчилик, ар башка деталдарга кылдат көнүл буруу
- Ар кыл жагдайларга туруктук бере алуусу жана ири сандагы тапшырмаларды аткара алуусу.
- Аналитикалык ой жүгүртүүсүнүн мыкты болуусу.
- Ийкемдүү жана купуя сырды сактай билүүсү
Алган сертификаттары жана лицензиялары:
- Жактоочу катары иш алып барууга укук берген күбөлүктүн болушу (артыкчылык берилет).
- Белгилүү бир багыттар (мисалы, монополияга каршы мыйзамдар же жеке маалыматтарды корггоо жагында) боюнча сертификаттардын болуусу (артыкчылык берилет).
Тил билүүсү:
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана юридикалык документтерди иштеп чыгуу үчүн үчүн милдеттүү түрдө кыргыз жана орус тилдерин билүүсү талап кылынат.