Ислам терезеси" департаментинин администрлөө боюнча башкы адиси кызмат ордуна ички сынак жарыялангандыгын билдирет
Талапкерлерге карата коюулуучу талаптар:
Квалификациялык талаптар:
- Билими - жогорку экономикалык;
- Банк же финансы-кредит уюмдарында кеминде үч жылдык иш тажрыйбасынын болуусу;
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик актыларын, Банктын ички жол-жоболорун жана жоболорун билүүсү.
- Талдап-иликтөө жана пландоо көндүмдөрүнө ээ болуусу.
- Компьютерде иштей билүүсү, MS Office (Excel, Word) негизги программаларын, ошондой эле иш алып баруу үчүн зарыл болгон башка техникалык каражаттарды жана атайын программаларды жетиштүү деңгээлде колдоно алуусу.
Кызматтык милдеттери:
- Ислам каржылоосуна тиешелүү ченемдик документтерди, жаңы продукттарды иштеп чыгууга, ошондой эле жаңы продукттарды тесттен өткөрүүгө, тажрыйбалык негизде колдонууну жүзөгө ашырууга жана аларды ишке киргизүүгө катышуу;
- Мурабаха жана кард-эсептер боюнча операциялардын өз учурунда жана туура чагылдырылышын контролдоо;
- Банктын каржылоо портфелин сапаттык жана сандык критерийлер боюнча тиешелүү классификациялоону жүргүзүү боюнча филиалдардын ишине кылдат көз салуу;
- Банктын ички жол-жоболоруна ылайык, каржылоо портфелин классификациялоо боюнча сунуштарды берүү;
- Банктын филиалдарынын кызматкерлерине администрлөө маселелери боюнча кеп-кеңештерди берүү;
- Департаменттин администрлөө ишине тиешелүү талап кылынган ички жана сырткы отчетторду даярдоо.
Эмгек стажына тиешелүү кыскача, так таржымалды Бапа уулу Санжарга (sanzhar.bapa.uulu@ab.kg), Касымбек уулу Кубанычбекке (kubanychbek.kasymbekov@ab.kg)