Бош турган кызмат орду: Бишкек шаарындагы филиалдын директору
Коюулуучу талаптар:
Билими: жогорку экономикалык.
Банк же финансы-кредиттик мекемелерде кеминде беш жылдык эмгек стажы.
Кеминде 5 жылдык жетекчилик тажрыйбасы
Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актыларын билүүсү.
Кызматкерлердин ишин талдап-иликтөө, пландаштыруу, координациялоо жана башкаруу жөндөмүн мыкты билүү.
Милдеттери:
Кардарларды сапаттуу тейлөөгө алуу жана кардарларды тартуу, колдонуудагы кызматтык нускоолоруна ылайык филиалдык кызматкерлеринин бири-бирин алмаштыруу менен иш алып баруусуна жалпы жетекчилик кылуу.
Филиалдын рентабелдүү, чыгым тартуусуз иш алып баруусун камсыз кылуу.
Кардарлар базасына талдоо жүргүзүү жана филиалда кардарлар менен иш алып барууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.
Филиалдын бекитилген бюджетин жана иш планын өз учурунда жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу.
Филиалда жаралган адаттагыдан башкача жагдайларды аныктоо жана аларды жөнгө салуу жагында иш алып баруу.
Филиалда жүзөгө ашырылып жаткан бардык банктык операцияларга контролдук кылуу.
Аймактагы банк ишинин өнүгүшүнө жана рыноктогу абалга мезгил-мезгили менен талдоо жүргүзүү, заманбап банктык ыкмаларды жана технологияларды филиалдын ишине киргизүү.
Филиалдын кредиттөө сектору жана аймактык кредиттөө бөлүмдөрү боюнча кредиттөө үчүн каралган ресурстарды бөлүштүрүү, кредит жана депозиттик портфелдин бекитилген көлөмүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
Кредит жана депозиттик портфелдин өзгөрүү динамикасына, кредит портфелин диверсификациялоого, берилген кредиттердин кайтарымдуулугуна туруктуу контролдукту жана мониторингди жүргүзөгө ашыруу.