“Ислам терезеси” департаментинин Ислам принциптери боюнча бухгалтердик эсепке алуу бөлүмүнун жетекчисинин кызматынын ордуна сынак жарыяланат

“Ислам терезеси” департаментинин Ислам принциптери боюнча бухгалтердик эсепке алуу бөлүмүнун жетекчисинин кызматынын ордуна сынак жарыяланат:

Жетектөөчү/башкы адистин иш милдеттери:

  • Бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн ишин уюштуруу жана ишине жалпы жетекчилик кылуу 
  • Банктын “Ислам терезеси” департаментине тиешелүү бардык бухгалтердик операцияларына контролдук кылуу;
  • “Ислам терезеси” департаментинин бухгалтердик эсепке алуу ишин жөнгө салган ички ченемдик документтерди жана техникалык тапшырмаларды иштеп чыгууга катышуу;
  • Департаменттин операциялары боюнча тиешелүү отчетторду даярдоо, түзүү жана өз учурунда берүү;
  • “Ислам терезеси” департаментинин Эсеп планын түзүүгө, эсеп планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө катышуу;

 

Талапкерлерге карата талаптар:

  • Экономикалык жогорку билиминин болушу;
  • Финансы-банк чөйрөсүндө кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасынын болушу;
  • Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС) билүүсү;
  • Бухгалтердик эсепке алуу жагында операцияларды тариздөөнү жана документ жүргүзүүнү уюштуруу боюнча ички ченемдик актылардын жана жол-жоболордун талаптарын билүүсү;
  • Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзам талаптарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик-укуктук актыларын билүүсү.

Бул сынакка кызыкдар болгон талапкерлер кыскача таржымалын (резюмесин) Бапа уулу Санжардын - sanzhar.bapa.uulu@ab.kg электрондук дарегине жөнөтүүсүн өтүнөбүз.

← Тизме боюнча артка