Кредиттөө бөлүмүнүн кредиттөө боюнча жетектөөчү адиси

Квалификациялык талаптар: экономика боюнча жогорку билим, банк же финансы-кредиттик мекемелерде кеминде 3 жылдык эмгек стажы. Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзам талаптарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларын билүүсү. Финансылык талдап-иликтөөнүн негиздерин билүүсү, кредиттик процессти талдоо, пландоо жана координациялоо жөндөмү;  

Функционалдык милдеттери: кредиттин шарттары боюнча кардарларга кеп-кеңештерди берүү, кредиттик долбоорлорду даярдоо жана коргоо, күрөөлүк камсыздоону баалоо жана тариздетүү, ошондой эле алынган кредитти толук кайтырылып берилгенге чейин коштоп жүрүү (мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген кредиттер менен иш алып баруу, реструктуризациялоо) толук кайтарылганга чейин. 

Түзүлүп берилүүчү шарттар:  

  • Кеңседе иш алып баруу  
  • Расмий түрдө жумушка кабыл алуу - татыктуу эмгек акы (маектешүү мезгилинде  талкууланат)  
  • Кесиптик жактан өсүү жана жеке жетилүү
← Тизме боюнча артка