Социалдык жардамдын катышуучуларына жеңилдетилген кредиттер

pic
Кредит суммасы 10 000 сомдон 200 000 сомго чейин
pic
Пайыздык чендер 0%

Кредитти сунуштоо шарты

Параметрлери

Мазмуну

Кредит өздөштүрүлүүчү  иш багыты

Долбоордун алкагында 2024-жыл ичинде, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алкагында мурда алынган каражаттардын эсебинен ишке киргизилген, иштеп турган, киреше алып келүүчү бизнести же көмөкчү чарба жүргүзүү ишин колдоого алуу, кеңейтүү үчүн каржылоолор сунушталат

(катышуучулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан түзүлөт).

Кредит суммасы

10 000 сомдон 200 000 сомго чейин (аны кошо алганда).

Кредит мөөнөтү

36 айга чейин

Кредит валютасы

Сом

Пайыздык чени 

0%

Кредит боюнча камсыздоо

10 000 сомдон 100 000 сомго чейин – кепилдиксиз жана күрөөсүз 

100 001 сомдон 200 000 сомго чейин  (кошо алганда) – 1 адамдын кепилдиги жана/же кыймылдуу мүлк жана /же кыймылсыз мүлк.

Кредитти төлөө графиги

Ай сайын бирдей үлүштө

Жеңилдик берилген мезгил аралыгы

Негизги карыз боюнча 3 айга чейин (аны кошо алганда)

 

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу