Чакан жана орто ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредиттөө

pic
Кредит суммасы 50,0 млн сомго чейин
pic
Пайыздык чендер жылдык 6%

Кредитти сунуштоо шарты

Максатту топ

Долбоордун алкагында 2026-жыл ичинде каржылоо төмөнкү тармактарда эмгектенген жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга сунушталат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында каттоодон өткөн;

Кыргыз Республикасында резидент статусуна ээ,

төмөнкү тармактарда иштеген:

тамеки заттарын эске албаганда, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү;

тигүү жана текстиль өндүрүшү, бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүү;

жыгач жана кагаз заттарын өндүрүү жана кайра иштетүү, басмакана;

химия продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү;

фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү;

резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү;

даяр металл буюмдарын өндүрүү;

компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү;

электр жабдууларын өндүрүү;

курулуш материалдарын өндүрүү жана кайра иштетүү;

өндүрүштүн башка түрлөрү, ошондой эле машиналарды жана жабдууларды ремонттоо жана орнотуу;

туризм жана ага байланыштуу кызматтар (конок үйлөр, этно жана экотуризм, транспорт жана туристтик кызматтар);

кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк;

билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана мектептер;

кол өнөрчүлүк;

стартап-долбоорлор;

саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар;

экспортко багытталган иш-чаралар;

IT сектор жана инновациялар (санариптик кызматтар, финтех).

 

Кредиттин максаты

өндүрүштүк жабдууларды, техникаларды жана өндүрүштүк багыттагы транспорт каражаттарын, анын ичинде жүктөө-түшүрүү, бөлүштүрүп таңгакчалоо жана таңгактоо жабдууларын сатып алуу;
– жер тилкелерин жана иш жүзүндө ишмердүүлүк жүргүзбөгөн жаңы долбоорлор үчүн кыймылсыз мүлк объектилерин эске албаганда
каржылоо.

Валютасы

Сом

Суммасы

каржылоонун максатына жана карыз алуучунун категориясына жараша - 50,0 млн сомго чейин.

Пайыздык чен

жылдык 6%

Кредиттөө мөөнөтү

Каржылоо максаттарына жараша - 60 айга чейин

Кредитти төлөө графиги

Ай сайын аннуитеттик же бирдей бөлүктөр менен төлөө.

Кредитти камсыздоо

Банктын күрөө саясатына ылайык

Жеңилдик каралган мезгил аралыгы

негизги сумма боюнча 6 айга чейин;

Чектөөлөр

Кредит керектөө, ипотека жана валюта-алмашуу бүтүмдөрү, финансылык, камсыздандыруу, инвестициялык, күрөөкана, кумар оюндары, виртуалдык активдер менен бүтүмдөр, жер сатып алуу, кайра каржылоо (долбоордо каралган учурларды эске албаганда), алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатуу, тыюу салынган продукцияларды өндүрүү жана сатуу, ошондой эле иш жүзүндөгү экономикалык ишмердүүлүгү жок, мыйзам тарабынан тыюу салынган долбоорлор жана мурда айыл чарбасындагы мамлекеттик программалардын алкагында жеңилдетилген кредиттерди алган субъекттерге берилбейт.

натыйжалуу пайыздык чен жылдык 6,16% тартып

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы