2018-жылдын 7-декабрында “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга салган салымы үчүн Кыргыз Республикасынын банктарына сыйлык берүү аземин өткөрдү. 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча “Айыл Банк” ААК “2018-жылдын продуктысын ишке киргизүү боюнча эң мыкты банк” деп таанылды.
27-ноябрь күнү “Айыл Банк” ААК менен Өзбекстанда эл аралык акча которуулары рыногунда баштоочу болуп саналган, “ХамкорБанк” АКБнын (Өзбекстан) ортосунда “Береке” акча которуулар системасына кошулуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Кыргызстандын региондорун банктык жабдуулары менен камсыздоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоордун алкагында, “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК 10 банкоматты Айыл Банк” ААКка акысыз пайдаланууга өткөрүп берди.