Бул мааанилүү күндө биз кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жана сакталышына салым кошкон улуу инсандарды эскеребиз. Мындай атактуу агартуучулардын бири, кыргыз мектептери үчүн окуу китебинин алгачкы автору – Ишеналы Арабаев
Урматтуу кардарлар, биздин WhatsApp номурубуз +996 990 551100 номуруна өзгөргөндүгүн маалымдайбыз. Учурда техникалык маселелер чечилүүдө жана аз убакыттын ичинде кызмат кайрадан толук жеткиликтүү болот!
Урматтуу кардарлар! Техникалык жумуштарга байланыштуу Бишкек ш., Жибек Жолу, 203а дарегинде жайгашкан Восток аймактык бөлүмү/сактык кассасы 16-сентябрдан 5-октябрга чейин убактылуу өз ишин токтото тургандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз! Урматтоо менен, Сиздин Айыл Банкыңыз
Урматтуу кардарлар! Эскерте кетсек, 2024-жылдын 7-сентябрында (ишемби күнү) Кемин шаарындагы №048-5-67 сактык кассасы техникалык себептерден улам иштебейт.
2024-жылдын 6-сентябрында «Айыл Банк» ААКнын Кеңейтилген башкармалыгынын жыйыны өтүп, ага Директорлор кеңешинин, Банк Башкармасынын мүчөлөрү жана аймактардагы филиалдардын бардык жетекчилери катышты.
Маанилүү жаңылык! Өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо аркылуу экономиканы алга жылдыруу максатында 2024-жылдын 24-августунда «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК менен «Айыл Банк» ААК ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Урматтуу кардарлар! Эскерте кетсек, 2024-жылдын 31-августунда Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Айыл Банктын бардык тейлөө пункттары жабылат.
Урматтуу «Айыл Банк» АКАКтын «Элкарт Бизнес» карталарынын ээлери! «Береке» тиркемесинин функционалын кеңейтүү максатында 1-сентябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин банк тарабында техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз. Техникалык иш учурунда «Элкарт Бизнес» карталары АБ24 тиркемесинде жеткиликтүү болбойт, ошондой эле QR-код колдонуу менен которуулар/төлөмдөрдү кабыл алуу жеткиликтүү болбойт.
Айыл Банк менен Ош шаарынын Муниципалдык ипотекалык ишканасынан жаңы ипотекалык долбоор! Биз «Айыл Банк» ААК менен Ош шаарынын Муниципалдык ипотекалык ишканасынын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлгандыгын кубануу менен билдиребиз. Бул кызматташтыктын алкагында жеңилдетилген шарттар менен батир сатып алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат.
Айыл Банк 2024-жылдын 15-августунда БУУнун жоопкерчиликтүү банк ишине тиешелүү программасынын принциптерине – дүйнө жүзүндөгү банктар менен биргелешип курчап турган чөйрөнү коргоо программасынын (UNEP FI) финансылык демилгеси алкагында иштелип чыккан туруктуу банк тармагын калыптандыруунун жалпы негиздерине расмий кол койгон жак болуп калды.