Бүгүн, 23-майда Бишкек шаарындагы "АЮ Гранд" соода борборунда "БЕРЕКЕ" банктык мобилдик тиркемесинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук банктын жана "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, ошондой эле чакан жана орто бизнестин ишкерлери катышты.
«Айыл Банк» ААКсынын эмгек жамаатынын атынан “Энелер күнү” менен чын дилибизден куттуктап, ушул жаркыраган, жылуулук менен аруулукту тартуулаган жаздын күнү жылуу сөздөрүбүз менен аруу тилектерибизди арнап кетүүгө уруксат этиңиздер!
"Айыл Банк" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Салык кызматы менен биргеликте "БЕРЕКЕ"жаңы мобилдик тиркемесинин расмий бет ачар аземине катышууга чакыруу жөнөтүү менен бирге эле, маанилүү иш-чара 2024-жылдын 23-майында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокан Валиханов атындагы көчө 2 дареги боюнча "АЮ GRAND" соода борборунун биринчи кабатындагы "Атриум" залында өтө тургандыгын маалымдайт.
Бүгүн, 15-майда Банктын акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өтүп, анда "Айыл Банк" ААКсынын уставдык капиталын 406 566 нускада жөнөкөй акцияларды чыгаруу аркылуу (бир акциянын номиналдык наркы - 10 миң сом) 4 065 660 миң сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды.
2024-жылдын 14-майында "Айыл Банк" ААКсынын жетекчилиги, Ислам өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Айыл Банк үчүн айыл чарба жана атайын техникаларды, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын каражаттарынан 45,0 млн. АКШ доллары суммасындагы инвестициялык каржылоону тартуу боюнча долбоор талкууланды.
Интернетте «Айыл Банктын» атынан энелер күнүнүн урматына 60 000 сом ойнотулуп жатат деген жалган маалымат таркап жатат.
«Бүгүн биздин кесиптик майрамыбызда Айыл Банк өз кызматкерлерине кесипкөйлүгү жана талбас эмгектенгендигине чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдирет.
Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда «Кыргызстан банктар союзу» юридикалык жактар бирикмесинин президенти Анвар Абдраев Айыл Банктын кызматкерлерин куттуктоо менен төмөндөгү кызматкерлерди сыйлады:
Ата-Мекенибиздин эркиндиги жана эгемдүүлүгү үчүн жанын аябаган бабаларыбыздын эрдигин эч качан эстен чыгарбайбыз. Ачык асман алдында, өркүндөп өсүү жолунда жашап жатканыбыз үчүн терең ыраазычылык билдирип, аларга таазим кылабыз.
8-май күнү Айыл Банктын бардык филиалдары жана бөлүмдөрү 1 саатка кыскартылган графикте иш алып барарын эсиңиздерге салмакчыбыз.