Бүгүн, Айыл Банк "Тазар" экологиялык уюму менен биргеликте кызматкерлер үчүн "Таштандыларын сорттоонун маанилүүлүгү жана анын эрежелери" тууралуу тренинг уюштурду. Бул иш-чара экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу жана корпоративдик маданиятка туруктуу өнүгүү принциптерин интеграциялоо боюнча банктын программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Урматтуу кардарлар! "Сбер" тиркемесинен ОАО "Айыл Банк" кардарларынын карта жана эсептерине 22.08.2024-ж. тарта убактылууу которуулар токтотулат.
Урматтуу кардарлар! 2024-жылдын 2-сентябрынан тартып Kookmin Bank (Корея) кириш жана чыгыш төлөмдөрү үчүн SWIFT-которууларында АКШ долларын иштетүүнү токтоторун билдиребиз. Сураныч, каржылык транзакцияларды пландаштырууда бул маалыматты эске алыңыз. Сураныч, каржылык транзакцияларды пландаштырууда бул маалыматты эске алыңыз.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында сел жүрдү. Бул кесепеттин натыйжасында 048-30-53 сактык кассасы өз ишин убактылуу токтотту.
"Айыл Банк" ААК тарабынан "Жеңилдетилген автокредиттөө" мамлекеттик долбоорунун алкагында "Улуттук Авто" кредиттик өнүмү ишке киргизилди.
Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат.
Бишкекте вискозалык токулбаган материалдардан тиричилик салфеткаларын өндүргөн «Конурат Трейд» ЖЧКнын жаңы цехинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. «Айыл Банк» ААК тарабынан берилген каржылоо 500 000 АКШ долларына тазалоочу салфеткаларды өндүрүү үчүн жогорку өндүрүмдүү ийне өткөрмөлүү линиясын лизингге сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү
Техникалык жагдайларга байланыштуу, веб-интерфейс аркылуу мобилдик банкингге кирүү убактылуу жеткиликсиз болот. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
«Айыл Банк» 210 кишиге азык-түлүк пакети менен жардам берди. Бүгүн «Айыл Банк» ААК «Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун майыптар коому» коомдук бирикмеси аркылуу 210 кишиге азык-түлүк пакетин тапшырды.
Сиздерге филиалдын ишин оптималдаштыруу максатында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак айылында жайгашкан «Айыл Банк» ААКтын көчмө кассасынын иши убактылуу токтотулгандыгын маалымдайбыз.