2018-жылдын 11-майында KPMGнин Кыргызстанда иштегенинин 15-жылдыгына арналган салтанаттуу аземинде “Айыл Банк” ААКка KPMGнин сертификаты ыйгарылды. KPMG – бул, аудитордук, салыктык жана консультациялык кызматтарды көрсөткөн фирмалардын эл аралык тармагы, ал төрт чоң аудитордук компаниянын ичине кирет.
10-май күнү биздин өлкөдө Банк кызматкерлеринин күнү белгиленет. Ошого байланыштуу Банктын жетекчилиги жана менеджменти кызматкерлерди кесиптик майрам менен куттукташты.
Бишкек филиалынын жамааты Жаш Гвардия бульварындагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун баатырларынын эстелигине гүлдөрдү коюшту. Мындан тышкары кызматкерлер Ленин районунун беш ветеранына материалдык жардам көрсөтүштү.
“Айыл Банк” ААКтын Каракол филиалы областтык борборунун Коенкозов көчөсүнүн жашылдандыруусуна катышты.
14-апрель күнү Айыл Банктын командасы Росинбанктын футболисттери менен биринчи оюнду өткөрүштү.