28-май күнү жыл сайын өткөрүлгөн банктар аралык футзал боюнча мелдеш аяктады.
Кыргызстанда «Айыл-Агро 2016» IV Эл аралык айыл чарба техникасынын көргөзмөсү өз ишин бүтүрдү, көргөзмө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча жана көргөзмөнүн стратегиялык шериктеши - “Айыл Банк” ААКтын колдоосунун астында болуп өттү.
В Кыргызстане завершилась IVМеждународная выставка сельскохозяйственной техники «Айыл-Агро 2016», которая проходила по инициативе Правительства Кыргызской Республики и при поддержке стратегического партнера выставки - ОАО «Айыл Банк».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча, көргөзмөнүн техникалык уюштуруучусу “Росагромаш” Ассоциациясы менен биргелешип жана көргөзмөнүн стратегиялык шериктеши – “Айыл Банк” ААКтын колдоосунун астында, 2016-жылдын 25-майында Бишкек шаарынын Эски аянтында, өлкөнүн агрардык тармагындагы ири окуя “АЙЫЛ АГРО 2016” - IV эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады.
“Айыл Банк” ААК аймактык филиалдары менен биргелешип, республиканын бардык аймактарынан Айыл Агро көргөзмөсүнө жыл сайын келген адамдардын тизмесин түзүп башташты. Көргөзмөгө келгендердин тизмесине кирүү үчүн бардык кызыкдар болгон адамдар “Айыл Банк” ААКтын бөлүмдөрүнө же өзүн өзү башкаруу жергиликтүү органдарына кайрылса болот.
Чет өлкө валютасын чакан көлөмдөрдө сатып алуу керек болгон учурда, банктын алмаштыруу жайларына кайрылуу оңой болгонун ар бирибиз түшүнөбүз. Бирок сумма чоң болсо, мисалы, бир нече миң рубль же доллардан жогору болсо, жана операциялар дайыма жүргүзүлүп турса, анда алмаштыруу жайларына дайыма баргандан көрө биржанын валюталык базарында иштөө варианты пайдалуу.
Кыргыз Республикасынан биринчи болуп – “Айыл Банк” ААК, – КМШ өлкөлөрүнүн банк-кардарларына биржалык соодалоого кирүү кызматтарын сунуштаган “Төлөм борбору” ЭБНУнун (ЖЧК), - соодалоонун катышуучусу SMA кардар катары, Москва биржанын валюталык базарында бүтүмдөрдү жүргүзүп баштады.
2016-жылдын 30-мартында “Айыл Банк” ААКтын Башкы кеңсесинде Банктын акционерлеринин Жылдык Жалпы жыйналышы болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруунун алкагында, 2016-жылдын 25-мартынан баштап, Айыл Банк Мамлекеттик Ипотека Компаниясы (МИК) менен биргелешип мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык насыяларды берип башташты. Биринчилерден болуп медицина жана билим берүү тармагынын кызматчылары болушту. Ош, Токмок жана Токтогул шаарларынын тургундарына ипотекалык насыялар берилди.