24-октябрь күнү “Айыл Банк” ААКтын Кызыл-Кыя филиалынын башчысы Абдикамал Насиров Ош облусунун Араван районунун Тоо Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Санжар Абдуллаев менен, айыл өкмөтүнүн аппараты жана участоктордун жана айылдардын башчылары менен жолугушууну өткөрдү.
Айыл Банк жакында эле республика боюнча “Береке” электрондук капчыктын презентациясын өткөргөн. Бул көптөн бери күтүлгөн окуя жана ага карата “Айыл Банк” ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнга катышууга сиздерди чакырат. Бул тема абдан терең жана кең, бирок ошону менен бирге абдан кызыктуу.
“Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги Сиздерди келе жаткан Бүткүл Дүйнөлүк Сапат күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт жана Сиздерге тейлөө тармагында жогорку сапатты, ошондой эле дайыма жана бардык жерде жогорку деңгээлдеги сервисти каалайт!
Бүгүн 2-октябрь күнү “Айыл Банк” ААК Эл аралык карылар күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарынын Коомдук бирикмесине жана оорукта иштегендерге спонсордук жардам көрсөттү.
Ош шаарынын Борбордук аянтында 5-октябрь күнү саат 9.00дөн 16.00гө чейин II – Форум жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси болуп өтөт, ага фермерлер, жеке ишкерлер, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башка уюмдар катышат.
Бүгүн 2017-жылдын 29-сентябрында “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынды өткөрүлгөн, “Кант кызылчасы - 2017” темасына кеңири масштабда өткөрүлгөн талаачылык күнүнө катышышты, анда келген конокторго кант кызылчасынын жаңы гибриддери, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, жаңы техника жана коштолуучу каржы кызматтары тартууланды.