Жаңылыктар

31.05.2017
“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгы Ош облусунун табигый кырсыктан жабыр тарткан зайымчылар алган насыялардын түзүмүн өзгөртүү жана мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди кабыл алды

Бүгүн 31-май күнү “Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов 3-май күнү жер титирөө болгон Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун тургундары менен “Айыл Банк” ААКтын жана “РСК Банктын” адистеринин иш жыйынтыктары жөнүндө” темадагы пресс-конференцияга катышты.

26.05.2017
“Айыл Банк” ААК ачык аянттагы бир катар концерттердин спонсору

“Айыл Банк” ААК Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында (опера жана балет театрынын жанында) ачык аянтындагы концерттердин спонсору болуп чыкты.

26.05.2017
“Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун табигый кырсыктан жабыр тарткан тургундары менен жолукту.

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-май күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун табигый кырсыктан жабыр тарткан тургундары менен жолугушуу болуп өттү, ага “Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов, КР Өкмөтүнүн, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун акимдери, ошондой эле башка коммерциялык банктардын жана финансы-насыялык мекемелердин өкүлдөрү катышты.

22.05.2017
“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Гульчехра Камчибекова Нарын жана Ысык-Көл облусунун алыс жайгашкан айылдардын мониторингине катышты

18-19-май күндөрү “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Гульчехра Камчибекова жана “Айыл Банк” ААКтын Төлөм тутумдар башкармалыгынын башчысы Аида Ыбыкеева Нарын жана Ысык-Көл облусунун алыс жайгашкан айылдардын биргелешкен мониторингине катышты, анда банктык жабдуулар (банкоматтар, пос-терминалдар) маселелери жана аймактарда накталай эмес эсептешүүлөргө өтүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору каралды. Бул биргелешкен иш чарага Улуттук Банктын жана РСК Банктын өкүлдөрү катышты.

17.05.2017
“Айыл Банк” “Айыл-Агро 2017” Эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

17-май күнү Өкмөт Үйүнүн жанындагы эски аянтта “Айыл Агро 2017” Эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады, ал көргөзмө КРдин Өкмөтү тарабынан уюштурулду жана “Айыл Банк” ААКтын стратегиялык шериктештигинин астында ишке ашты.

16.05.2017
“Айыл Банк” футзал боюнча банктар аралык мелдешке катышты

15-апрель күнү башталып, дем алыш сайын жана майрам күндөрү 10-июнга чейин өтөт. Командалар А жана Б деген эки топко бөлүндү, ар бир топ 10 командадан турат.