22-сентябрь күнү Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Отунбаев “КРде дистанциондук финансы кызматтары” темасындагы Тегерек столдун ишине катышты, бул иш чара “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, КРдин экономика министрлиги тарабынан уюштурулду.
2017 жылдын 20 сентябрында Токтогул филиалы Уч-Терек аманат-сактык кассасын ачты.
2017 жылдын 16 сентябрында Токтогул шаарында Банк спартакиадасына даярдык катары жана Жалал-Абад областтык курама командасын даярдоо, кучтуу оюнчуларды аныктоо учун кичи-футбол, армрестлинг, теннис жана отжимание оюндары боюнча кичи-мелдеш өткөрүлдү.
12-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы айылында салтанаттуу кырдаалда Айыл Банктын регионалдык бөлүнүшүнүн жаңы имараты ачылды.
Бүгүн, 5 сентябрда “Айыл Банктын “ бүткүл республика боюнча бардык филиалдарында , Бишкек шаарынын негизги төрт: Ортосай, Ош, Аламедин жана Дордой базарында “Береке” электрондук капчыктарынын бет ачарлары өткөрүлдү.