Банк кепилдиктери

Банктык кепилдик - бул банк кепилдик берүүгө даяр жана анын шарттары аткарылбаган учурда келишим боюнча акчалай милдеттенмелерин аткарууга кепилдик берүүчү, коомдун төлөө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документ.

«Айыл Банк» ААКсы алардын максатын, мөөнөтүн жана кардарлардын башка керектөөлөрүн эске алуу менен банктык кепилдиктердин кеңири спектрин камсыз кылат.

Банктык кепилдик – үчүнчү жак банктык кепилдик менен камсыз кылынган өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда банктын накталай акча түрүндө аткара турчу кайтарылгыс милдеттенмеси.

Банктык кепилдиктердин түрлөрү:

  • төлөм кепилдиктери - кредит боюнча көрсөтүлгөн товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө  милдеттенмелерин аткарат;
  • алдын ала төлөмдү кайтарып берүүнүн кепилдиги - алдын ала төлөнгөн продукт же кызмат көрсөтүлбөгөн учурда которулган аванстын суммасын кайтарып берет;
  • тендердик (конкурстук) кепилдик - тендерди утуп алган компания тапшырыкты аткарбаган учурлар болбойт;
  • келишимдин аткарылышынын кепилдиги - келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн (товардын параметрлерине же белгиленген мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген учурда, кепилдик тейлөөдөн баш тартканда ж.б.;
  • контр кепилдиктер - банктын башка гарант-банктын алдында ал тарабынан берилген кепилдикти финансылык жактан камсыз кылуу боюнча милдеттенмеси;
  • бажы кепилдиктери - импорттук ишканалар тарабынан бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздайт.

Артыкчылыктары:

  • бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу тобокелдиктерин минималдаштыруу;
  • минималдуу тобокелдик жана чыгымдар менен жаңы сатуу рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгү;
  • коммерциялык кредиттер боюнча пайыздык чендер менен салыштырганда кызматтын арзандыгы;
  • келишимди так аткарбаган учурда чыгашага учуроо коркунучу жок алдын ала төлөмдөр менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
  • милдеттенмелердин кепилденген аткарылышы баалардын ийкемдүү шарттары боюнча сүйлөшүү ыктымалдыгын жогорулатат;
  • жүгүртүү капиталын бошотпостон, мөөнөтү аяктагандан кийин банктык кепилдиктер боюнча кредиттик линияны ачуу мүмкүнчүлүгү;
  • кепилдик милдеттүү талап болуп саналган мамлекеттик тендерлерге жана сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгү.

Сатып алуучу/импорттоочу үчүн артыкчылыктар:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кардарлар үчүн товарларды жеткирүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү;
  • товардык кредит алуу мүмкүнчүлүгү;
  • төлөнгөн алдын ала төлөмдү кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү;
  • кепилдик төлөм, адатта, кредит боюнча пайыздан төмөн.

Сатуучу/кардар үчүн артыкчылыктар:

  • жогорку ишенимдүүлүк;
  • келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат;
  • подрядчыга келишим боюнча өз милдеттенмелерин так жана өз убагында аткарууга стимул берет;
  • кардарга/сатуучуга подрядчынын/сатып алуучунун финансылык абалын баалоого жардам берет.

Банктык кепилдик тараптардын бири товарды жеткирүү жана/же анын акысын төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда сатып алуучунун же сатуучунун мүмкүн болуучу жоготууларын азайтуу үчүн колдонулат.