Ислам каржылоосу

Мурабаха – бул, Банк менен кардар ортосунда келишилген бүтүм, анда кардардын тапшырмасы боюнча Банк тарабынан сатылып алынган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу каралган. Банк мындай бүтүмдө товар наркын жана ага үстөк бааны ачык көрсөтөт. 

Мындан ары кардарлар төмөнкү багыттарда алгылыктуу шарттарда ислам принциптери боюнча каржылоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алат: 

  • Автокаржылоо:

- каржылоонун мөөнөтү 60 айга чейин;

- валютасы - сом, АКШ доллары;

- күрөө - сатылып алынып жаткан автоунаа;

- Хамиш Джиддия сатылып алынып жаткан автоунаанын 35%дан жогору

  • Бизнес каржылоо:

- каржылоонун мөөнөтү жүгүртүү каражаттарды толуктоого 36 айга чейин, инвестицияга 60 айга чейин;

- валютасы - сом, АКШ доллары;

- күрөө - 100 000 сомго чейин күрөөсүз,  300 000 сомго чейин кепилдик же кыймылдуу мүлк, 300 000 сомдон жогору - кыймылсыз мүлк;

  • Ипотекалык каржылоо:

- каржылоонун мөөнөтү 96 айга чейин;

- валютасы - сом, АКШ доллары;

- күрөө - сатылып алынып жаткан кыймылсыз мүлк;

- Хамиш Джиддия сатылып алынып жаткан кыймылсыз мүлктүн 30%дан жогору

  • Айыл чарбасын каржылоо:

- каржылоонун мөөнөтү жүгүртүү каражаттарды толуктоого 36 айга чейин, инвестицияга 60 айга чейин;

- валютасы - сом;

  • Керектөөлөрдү каржылоо:

- каржылоонун мөөнөтү - 300 000 сомго чейин 36 ай, 300 000 сомдон өйдө 60 айга чейин;

- валютасы - сом;

- күрөө - 100 000 сомго чейин күрөөсүз,  300 000 сомго чейин кепилдик же кыймылдуу мүлк, 300 000 сомдон жогору - кыймылсыз мүлк

  • Товарлар үчүн бөлүп төлөө:

- каржылоонун мөөнөтү 24 айга чейин;

- валютасы - сом;

- күрөө - 150 000 сомго чейин күрөөсүз,  150 000 сомдон өйдө кепилдик же кыймылдуу мүлк

⠀ 

Ислам принциптери боюнча каржылоону учурда Банктын Аламүдүн филиалы жана "Ош-Датка" филиалы ишке ашырууда –

  • Аламүдүн филиалынын дареги: Бишкек шаары, 7-к/р, Б.Юнусалиев  көч., 173/1; 
  • Беловодск филиалынын дареги - Чүй областы, Беловодск айылы, Ленина көч. 29;
  • Токмок филиалынын дареги - Чүй областы, Чүй айылы, Ибраимов көч. 5;
  • "Ош-Датка" филиалынын дареги: Ош шаары, Ленин  көч., 313;
  • Өзгөн филиалынын дареги - Ош областы, Өзгөн шаары, Ленин көч 125;
  • Араван филиалынын дареги - Ош областы, Араван айылы, Ленин көч 2/1;
  • Каракол филиалынын дареги - Ысык-Кол областы, Каракол шаары, Москва көч 120а

⠀ 

Толук маалымат алуу үчүн 5511 кыска номерине (бардык операторлордон чалуу акысыз) же 0312 680000 номерине кайрылсаңыздар болот.

Улуттук валютада төмөндөтүлгөн үстөк баа менен акция 2023-жылдын 31- декабрына чейин уланат.

 

 

КРУБнын 2022 - жыл 26 - октябрындагы №048/1 лицензиясы

 

 

 

Каржылоодон пайдалануу үчүн талап кылынган документтер топтому:

  1. Кардардын/Күрөө коючунун/Кепил болуучунун жана анын жубайынын паспорту;
  2. Кардардын/Күрөө коючунун/Кепил болуучунун нике күбөлүгү
  3. Алардын жубайларынын каржылоону алууга кат жүзүндөгү макулдугу;
  4. Үй-бүлө курамы боюнча маалым кат;
  5. Патент жана иш багытын тастыктаган башка документтер;
  6. Күрөөлүк документтери (Мамкаттоо кызматынан маалым кат, укукту белгилеген, укукту тастыктаган документтер);
  7. Финансылык отчеттор/жазуулар

Банк зарылчылык келип чыккан шартта башка документтерди да кошумча талап кылууга укуктуу.