"Айыл Банк" ААКсы «Айыл чарбасын каржылоо -9» боюнча кредиттерди бере баштады

01.03.2021

"Айыл Банк" ААКсы "Айыл чарбасын каржылоо-9" мамлекеттик программасынын алкагында жеңилдетилген кредиттерди ишке ашырууну баштаганы жөнүндө билдирет. Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат.

Долбоор алкагында тармактарга жараша, жылына 6-10% өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен 60 айга чейинки кредит мөөнөтү каралган. Бул долбоор 2021-жылы жазгы талаа жана айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке адамдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.

Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъекттерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынган. 

Долбоордо жылдык 6% дан 10% га чейинки жеңилдетилген пайыздык чендер каралган, максаттуу тармактын негизинде насыя алуу мөөнөтү 60 айга чейин:

•Мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык 10% үстөк;

•Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалык субъектилер үчүн жылдык 8% үстөк:

- өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарба субъектилери үчүн:

1) сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу;

2) күнөскана чарбалары;

3) интенсивдүү багбанчылык;

4) органикалык айыл чарба өндүрүшү.

• кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6% үстөк каралган.

«Айыл чарбасын каржылоо -9» алкагындагы жеңилдетилген кредиттерди кантип алууга болот?  

«Айыл чарбасын каржылоо -9» алкагында Айыл Банк аркылуу жеңилдетилген насыя алууну пландап жаткандар үчүн, электрондук кезекке арыздарды каттоонун шарттары кандай экендигин белгилей кетели.  

Биринчи кадам. Банктын бөлүмүнө барып, жеңилдетилген кредит алуу үчүн электрондук кезекке жазылуу керек, ошондой эле кредит берүү шарттары жөнүндө алдын ала маалымат алуу керек (кандай негизги документтер талап кылынат жана башкалар). Бул талап көптөгөн арыздарды иретке келтирүү жана насыяга арыздарды кароодо адилетсиз мамилени жокко чыгаруу зарылдыгы менен шартталган;

Экинчи кадам. Андан кийин, жеңилдетилген кредит алуу үчүн арыздарды кароо электрондук артыкчылыктын чегинде башталат;

Үчүнчү кадам. Өтүнмөлөрдү кароо, Банктын стандарттык продуктуларына карата, төлөө мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана күрөө жүйөсүн баалоо менен жүргүзүлөт.

Кредит алуу үчүн талап кылынуучу иш-кагаздар:

Жеке ишкерлерден:

-    Паспорттун түп нускасы (кардардыкы/кардардын жубайыныкы/күрөө берүүчүнүкү);

-    Нике тууралу күбөлүк;

-    Нотариустан күбөлөндүрүлгөн маакулдук (кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгонго, кредит алганга);

-    Ишмердиги тууралу жана күрөөгө коюлучу кыймылсыз мүлктүн иш-кагаздары.

Юридикалык жактардан:

-    Паспорттун түп нускасы (жетекчиники/бухгалтердики/күрөө берүүчүнүкү);

-    Нике тууралу күбөлүк;

-    Нотариустан күбөлөндүрүлгөн маакулдук (кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгонго);

-    Ишкананын уюштуру иш кагаздары (устав, кредит алуу тууралу чечим, каржылык отчёттор);

-    Ишмердилиги тууралу жана күрөөгө коюлучу кыймылсыз мүлктүн иш-кагаздары.

Ошондой эле, Банк ишинин түрүнө жана "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун шарттарына жараша кошумча документтерди сурай алат.

← Тизме боюнча артка