"Айыл Банк" ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары Н.С. Мусуралиев өз каалоосу менен кызматтан кетти

18.02.2025

2022-жылдын сентябрынан тартып Башкармалыктын төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, эң маанилүү багыттарды: кредиттик администрациялоо, тейлөө сапатын башкаруу, юридикалык, маркетинг жана PR бөлүмдөрүн, байланыш борборун, филиалдык түйүндөрүн жетектеген. 
"Айыл Банк" ААКсы Н.С. Мусуралиевге банктын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет жана мындан аркы кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалайт.

← Тизме боюнча артка