Кадырлуу мекендештер! Сиздерди ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилден куттуктайбыз!
Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Орозо айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут, береке алып келсин. Жалаң гана жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналып келет.
Орозо айында сиздерге ден-соолук, акылмандык жана ыйман каалайбыз!