Мамлизинг 2

Лизингдин

багытталышы
Айыл айыл чарба техникасын жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү жана тамак-аш азыктарын (сууну жана алкоголь продукцияларын өндүрүүдөн тышкары) даярдып чыгаруу боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды сатып алуу. Ошондой эле Германиядан жана Европанын башка өлкөлөрүнөн сатылып алынган, мурда колдонулган айыл чарба техникасы
Лизинг валютасы - Сом
Пайыздык чен

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 30%нан жогору болгон шартта, жылдык 6 (алты) пайыз;

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 20%нан - 29%на чейинки өлчөмдө болгон шартта, жылдык 7 (жети) пайыз;

- өздүк салымы лизинг предметинин наркынан 10%дан - 19%га чейинки өлчөмдө болгон шартта, жылдык 9 (тогуз) пайыз.

Лизинг алуучунун долбоор боюнча

өздүк салымы

Лизинг алуучу өздүк салымды акчалай төлөшү зарыл жана ал башка чыгашаларды эке албаганда, лизинг предметинин наркынын кеминде 10% түзүүгө тийиш.

Андан кийин төлөнгөн өздүк салым, лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонулат.

Лизинг алуучу, бажы кароосунан жана тариздетүүсүнөн өтүүгө байланыштуу түздөн-түз чыгымдарды төлөө үчүн акча каражаттарын, ошондой эле лизинг мезгилине камсыздандыруу сыйлыктарын төлөө үчүн каражаттарды, өздүк салымдан өзүнчө төлөөгө милдеттүү.
Лизинг боюнча камсыздоо Өздүк салым лизинг предметинин наркынан 30%га чейинки өлчөмдө төлөнгөн шартта, Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөөлүк мүлк сунушталууга тийиш. Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз/жок болгон учурда, Банк кызматташуу макулдашуусу боюнча гарантиялык фонддордун (кепилдигин), лизинг предметинин наркынан 20%га чейин камсыздоо катары кабыл алышы мүмкүн. Өздүк салым 30%га жетпей калган шартта, күрөө наркы жана/ же гарантия суммасы  30% менен төлөнгөн өздүк салым ортосундагы  айырманы жабууга тийиш.
Лизингди  төлөө графиги

Пайыздар боюнча  - чейрек сайын;

Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин акча агымдарына жараша, бирок жылына кеминде эки жолу.

Жеңилдик каралган мезгил аралыгы

Пайыздар боюнча - 3 айга чейин;

Негизги карыз боюнча – 9 айга чейин.

Өзгөчө шарттар

- лизинг предметин тариздөөдө Банк төлөгөн ар кайсы жыйымдардын, кызматтардын, салык төлөмдөрдүн жана алымдардын наркы, лизинг алуучу төлөгөн өздүк салымынын суммасынан алынат;

- лизинг алуучу лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай колдонушу үчүн жоопкерчилик тартат;

- лизинг алуучу техниканын техникалык абалынын кароосунан жыл сайын, өз каражаттарынын эсебинен өткөрүүгө милдеттүү;

- лизинг предмети келип чыгышы ыктымал болгон бардык кооптуу жагдайдардан, анын ичинде жок болуп, жоголуп кетүү, уурдатып жиберүү, бузулуп, жешилип калуу тобокелдиктерине байланышттуу зыяндардын бардык түрүнөн кардар тарабынан камсыздандырылышы зарыл. Камсыздандыруу учурунда лизинг алуучу Банк кызматташкан камсыздандыруу компаниясын өз эрки боюнча тандап алат. Кыймылсыз мүлк же ликвиддүү күрөө* түрүндөгү кошумча күрөө сунушталбаган шартта лизинг предмети келип чыгышы ыктымал болгон бардык кооптуу жагдайдардан, анын ичинде жок болуп, жоголуп кетүү, уурдатып жиберүү, бузулуп, жешилип калуу тобокелдиктерине байланышттуу зыяндардан лизинг алуучу тарабынан камсыздандырылышы зарыл. Кыймылсыз мүлк же ликвиддүү күрөө* түрүндөгү кошумча күрөө сунушталган шартта лизинг предметинин камсыздандырылышы милдеттүү деле эмес.

* ликвиддүү күрөө – (Банкта өзүнчө депозит эсебинде жйгаштырылган каражаттар; Мамлекеттик казына векселдери (мындан ары - МКВ); - жер (кыймылсыз мүлктү куруу үчүн каралган менчик жер)

- лизинг алуучу калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого милдеттүү.

- Машина-трактор станцияларынын (МТС) финансылык жана мүлктүк абалына мониторинг Банк тарабынан жылына кеминде эки жолу, жазында жана күзүндө өткөрүлүп турушу зарыл.

 

 

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта -  6% дан

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж