«АЙЫЛ-АГРО 2016» эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады!

25.05.2016

АЙЫЛ-АГРО – жетектөөчү дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн агро өнөр жай комплексине техниканын жана технологиялардын толук түрлөрүн көрсөткөн,  Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлгөн көргөзмө. Бул, Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүүсүнө күчтүү түрткү берген, бардык агрардык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөткөн, ири жана маанилүү иш чара.

Көргөзмөнүн негизги максаты, инвесторлорго Кыргызстандын агрардык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, айыл чарба техникасынын атаандаш базарын түзүү, фермерлерди жаңы агро өнөр жай технологиялар жөнүндө маалымдоо болуп саналат. “АЙЫЛ-АГРО 2016” көргөзмөсү, биринчи ирет, ар кайсы өлкөлөрдөн келген инвесторлорго багытталган. Көргөзмөнүн катышуучулары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген дыйкан жана фермердик чарбалардын өкүлдөрүнө өзүнүн продукциясын көрсөтүшөт.

Айыл чарбаны өнүктүрүү өлкөбүз үчүн алгачкы маселелеринин бири болуп саналат Биздин өлкө  ушул чоң жолдун башында турат. Азыркы учурда айыл чарба техникасын жаңыртуу боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатат, себеби техниканын 80%  20-25 жылдан бери колдонууда; жана ушул көргөзмө биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрүбүзгө айыл чарба техниканын төмөнкү түрлөрү менен таанышууга жардам берет: тракторлор, комбайндар, тоют жыйноочу жана жер иштетүү техникасы, себүүчү жана жүк ташуучу машиналар, жер семирткичтерди берүү, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн жабдуулар, шаймандар жана чыгыштоо материалдар ж.б.  “АЙЫЛ АГРО 2016” көргөзмөсүнүн аянты көбөйгөнүн жана 6000 чарчы метрди түзгөнүн белгилеп кетүү зарыл. Көргөзмөгө 20 өлкөдөн 32 компания  катышат.

Көргөзмөнүн уюштуруу комитети Сиздерди, 2016-жылдын 25-27-майында Бишкек шаарынын эски аянтында өткөрүлгөн “АЙЫЛ-АГРО 2016” агро өнөр жай көргөзмөсүнө чакырат.



 

← Тизме боюнча артка