Кыргызстанда «Айыл-агро 2016» IV эл аралык көргөзмөсү өз ишин бүтүрдү.

27.05.2016

Төмөнкү бөлүктөрдөн турган көргөзмө, Бишкек шаарынын Эски аянтында 2016-жылдын 25-27 май күндөрү өттү:

• Айыл чарба техникасы;
• Мал чарбачылык;
• Лизинг, насыялар жана инвестициялар;
• Консалтинг, илимий иш;
• Дыйканчылык;
• Тамак-аш продуктыларын өндүрүү.

Келген коноктор агрардык секторго дайындалган техника жана жаңы технологиялар менен таанышып, компаниялардын толук асссортиментине кызыгуу менен бирге, келечектеги кызматташууну талкуулап жатышты. “Айыл-Агро” – жетектөөчү дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн агро өнөр жай комплексине техниканын жана технологиялардын толук түрлөрүн көрсөткөн,  Кыргыз Республикасында  жыл сайын өткөрүлгөн жалгыз көргөзмө. Көргөзмөгө 20 өлкөдөн келген 32 чет өлкөлүк жана ата мекендик компания  катышты.


Айыл Банк, жогорку деңгээлде өткөрүлгөн жана Кыргызстандын агрардык секторуна жаңы чечимдерди көрсөтүүгө жана сунуштоого мүмкүнчүлүк берген иш чара үчүн, көргөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдирет. 

 

← Тизме боюнча артка