Айыл Банкта ипотекалык насыялоо башталат

01.02.2016

Ушул макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу максатында түзүлдү.

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын максаты, Кыргыз Республикасында турак жайга жетүү мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү саналат. Алар, өлкөнүн бардык аймактарында керектүү көлөмдөрдө турак жайларды куруу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу, турак жайды сатып алуу боюнча жеткиликтүү ипотека механизмин камсыз кылуу жана  өлкөнүн банк тутумун жеткиликтүү ипотекалык насыялоо программасына тартуу аркылуу түзүлөт.

Ушул Макулдашуунун шарттарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруунун алкагында, Мамлекеттик ипотека компаниясы, жарандарга социалдык турак жайды сатып алуу үчүн 500 000 000 (беш жүз миллион) сомго чейинки  өлчөмдө ипотекалык насыяларды берүүгө жана кайра каржылоого инвестициялык акча каражаттарды Айыл Банкка берүүгө даяр. 

Инвестициялык каражаттар 15 жылга чейинки төлөп берүү мөөнөтү менен, Айыл Банк аркылуу карыз алуучуларга берилет, пайыздык өлчөмдөр, карыз алуучунун алгачкы төгүмүнүн өлчөмүнө жараша, 12%дан 14%га чейин бекитилет.Ушул ипотекалык насыяны, бюджеттик уюмдарда иштеген, 21жаштан 65жашка чейинки КРдин жарандарынын мүмкүнчүлүгү бар. Күрөө предмети болуп сатып алынган кыймылсыз мүлк саналат, ал сөзсүз түрдө камсыздандырууга тийиш.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын шарттарына ылайык, сатып алынган кыймылсыз мүлккө төмөнкү талаптар коюлат: жашоого жараган батир же жер участогу менен турак үй, батирдин жалпы аянты 70 чарчы метрден ашпашы керек, ал эми турак үйдүн жалпы аянты 150чарчы метрден ашпашы керек.

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн банк-агентти тандоо боюнча чечимди кабыл алууда, негизги фактору болуп, Айыл Банктын өсүү динамикасы жана насыя портфелинин сапаты, ошондой эле банктын кирешесинин өсүшү  болду.

Айыл Банк акыркы жылдары жакшы жыйынтыктарга жетти: 01.01.2016-жылга карата, банктын активдери, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 1,5эсе көбөйүп, 16,4 млрд сомду түздү, ал  эми насыя портфелинин көлөмү 2015-жылдын ушул мезгилине караганда 1,3эсе көбөйүп, 10,1 млрд. сомду түздү.Ошону менен бирге насыялардын кайтарымдуулугу 99%ды түзөт.

← Тизме боюнча артка