Вакансия: “Айыл Банк” ААКсы мобилографтарды жумушка чакырат

Вакансия: “Айыл Банк” ААКсы мобилографтарды жумушка чакырат

Негизги талаптар:

  • Мобилограф катары 1 жылдык иш тажрыйбасы болуусу абзел (портфолио же иштин үлгүлөрү сөзсүз тиркелиши керек).
  • Смартфон жана профессионалдык камера менен иштөө жөндөмү: экспозицияны тууралоо, композиция түзүү, жарык менен иштөө.
  • Социалдык тармактар жана жарнамалык материалдар үчүн фото жана видео тартуу жөндөмү.
  • Видео монтаждоо тажрыйбасы: CapCut, VN, InShot, Adobe Premiere Rush жана башка мобилдик жана профессионалдык программалар менен иштөө.
  • Контент тренддерин билүү: Reels, Shorts, TikTok, сторис, промо-роликтер сыяктуу актуалдуу форматтар.
  • Стиль, композиция.
  • Түстөрдү айкалыштыруу, боё жана үн менен иштөө боюнча базалык билим.
  • Ар кандай контент форматтары менен иштөө мүмкүнчүлүгү (маек, репортаж, жарнамалык роликтер, стористер ж.б.).
  • Сапарга чыгууга даярдык – иш-чаралар жана банк локацияларында тартуу иштери.
  • Социалдык тармактар менен иштөө жөндөмү (Instagram, TikTok, YouTube, Telegram ж.б.).

Кошумча талаптар:

  • Маркетинг, жарнама, PR же ММК тармагында иштөө тажрыйбасы.
  • Кошумча жабдуулар менен иштөө жөндөмү (стабилизатор, микрофон, штатив).
  • Сценарий түзүү жана сторителлинг негиздерин билүү.
  • Тез жана кыска мөөнөттө иш алып баруу жөндөмү.
  • Студияда жана ачык мейкиндикте тартуу тажрыйбасы.

Жеке сапаттар:

  • Креативдүүлүк жана демилгелүүлүк
  • Майда-барат деталдарга көңүл буруу менен иш алып баруу
  • Жоопкерчилик жана тактык
  • Командада иштөө жөндөмү

Иштин шарттары:

  • Ыңгайлуу график (зарылчылыкка жараша кечки же дем алыш күндөрү тартуу иштери болушу мүмкүн).
  • Расмий ишке орношуу.
  • Атаандаштыкка жөндөмдүү айлык маяна (маектешүүдө талкууланат).
  • Кыргызстандагы алдыңкы банкта иштөө мүмкүнчүлүгү – ири долбоорлор жана кызыктуу тапшырмалар.

 Резюме жөнөтүүдө фото жана видео тартуу боюнча портфолиоңузду тиркөөнү унутпаңыз!

maratzhakypoff@gmail.com

 

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка