Айыл чарбасынын кошумча нарк чиеленишинин климаттын өзгөрүү ыктымалдыгына туруштук берүү туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу (АӨБ)

pic
Кредит суммасы Кредит суммасы сом эквивалентинде 5 000 000 АКШ долларына чейин,
pic
Пайыздык чендер жылдык 8%

Кредитти сунуштоо шарты

Долбоордун максаты

Жаңы үзүлгөн жана кайра иштетилген жашылча-жемиш азыктарын ички жана эл аралык рынокторго жеткирүүнү жогорулатуу.

Кредиттин максаттары

Каржылоого алына турган долбоорлор төмөнкү ишкердиктин бирөөсүнө тиешелүү болушу зарыл:

1) жашылча-жемиш продукциясын жыйноодон кийинки сактоо, кайра иштетүү жана сатуу (анын ичинде жаңы транспорт каражаттарын жана жабдууларды);

2) айыл чарба технологияларын жасап чыгаруу жана/же логистиканы сунуштоо, ошондой эле жашылча-жемиш продукциясын өндүрүү үчүн зарыл болгон айыл чарба продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;

3) Инвестициялык максаттар үчүн гана пайдаланылуу (негизги каражаттарды сатып алуу).

4) Кредиттик түрүндөгү алгылыктуу каржылоого муздаткыч камераларды (кампаларды), баштапкы кайра иштетүү үчүн жабдууларды (иргеп-сорттоо аянтчаларын, жууп-тазалоочу жабдууларды, таңгактоочу жабдууларды), кампалар жана имараттар сыяктуу коштоочу негизги каражаттарын кошо алганда кошумча наркы менен кайра иштетүүчү жабдуулар жана муздаткыч транспорт каражаттары кирет. Кайра иштетүүчү ишканалар ошондой эле, сапатты контролдоо боюнча тесттен өткөрүү, тамак-аш коопсуздугун тескөөгө алуу системаларын – тобокелдиктерди талдап-иликтөө жана тыкыр контролдукка алууну (HACCP) ишке ашыруу үчүн лабораториялык жайларды да камтышы мүмкүн;

Кредиттин суммасы

сом эквивалентинде 5 000 000 АКШ долларына чейин

Кредиттин мөөнөтү

10 жылга чейин

Жылдык пайыздык чендер

жылдык 8%

Кредитти  төлөө графиги

Бизнестин акча агымына жараша

Жеңилдетилген мезгил

Зарыл болгон учурда:

пайыздарды төлөөдө – 3 айга чейин,

негизги суммага - 36 айга чейин

Камсыздоо

кредиттин суммасынан 125% кем эмес сатууга мүмкүн болгон оорчулук артылбаган актив менен камсыздалуусу зарыл

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Сом
3
Аннуитеттик төлөмдөр
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу