"Жогорку продуктивдуу асыл тукум мал" Лизинг

Лизингдин дайындоосу

Сүт жана/ же эт-сүт багытындагы (гольштин-фриз, буро-швиц, джерсей породалары) жана эт багытындагы (асыл тукум абердин-ангус жана герефордс жана башка тукумдагы букалар, торпоктор, кунаажындар жана/же уйлар) чет өлкөлүк селекциядагы жогорку продуктивдүү бодо малды  (кунажындар жана/ же 2,5-3,5 жаштагы уйлар) сатып алуу

Лизингдин валютасы - Сом
Лизингдин мөөнөтү -  5 (беш) жылдан ашык эмес
Пайыздык чен -  жылдык 16 (он алты) пайыз
Лизингдин суммасы

Бир лизинг алуучуга максималдуу сумма:

20 000 000 (жыйырма миллион) сомдон ашык эмес.Бир лизинг алуучуга минималдуу сумма:

ири мүйүздүү мал сатып алууга кеминде 500 000 (беш жүз мин) сомдон кем эмес;

Лизинг алуучунун долбоор боюнча өздүк салымы

-  Лизинг алуучунун акчалай өздүк салымы, башка түз чыгымдарды эсепке албай, лизинг буюмунун наркынан 10%дан кем болбошу керек.

Төлөнгөн өздүк салымы кийинкиде лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонот.

Лизинг алуучу бажы тазалоо жана тариздөө боюнча түз чыгымдарды төлөө үчүн акча каражаттарды, ошондой эле лизингдин бардык мезгилине камсыздандыруу сый акыны төлөөгө каражаттарды өздүк салымынан өзүнчө төлөөгө милдеттүү.
Лизинг боюнча камсыздоо
  • Айрым учурларда Банк 120%дан кем эмес өлчөмгө чейин кошумча күрөөнү (лизингге сатып алынган лизинг предметинин күрөө наркын эсепке алып) талап кылууга укуктуу.
  • Өздүк салымды лизинг предметинин наркынан 30% жана андан  жогорку өлчөмдө төлөгөн учурда, төлөп берүүнүн кепилдиги болуп лизинг предмети саналат;
  • Өздүк салым лизинг предметинин наркынан 30%га чейинки өлчөмдө төлөнгөн учурда, Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык, кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөө мүлктү берүү зарыл. Күрөө камсыздоосу жетишсиз/ жок болгон учурда, Банк кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча гарантиялык фонддордун гарантиясын (кепилдигин), лизинг предметинин наркынан 20%га чейин камсыздоо катары кабыл алышы мүмкүн.    Өздүк салым 30%дан кем болгон  учурда, күрөөнүн наркы жана/ же гарантиянын суммасы,  30% менен төлөнгөн өздүк салымынын ортосундагы жетишсиз айырмасын жабышы керек.
Лизингди төлөө графиги

Пайыздар боюнча – ай сайын, квартал сайын;

Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин  акча агымдарына ылайык, бирок жылына 2 жолудан кем эмес.
Жеңилдетилген мезгил

Пайыздар боюнча – 3 айга чейин;

Негизги карыз боюнча – 10 айга чейин.
Лизинг предметин камсыздандыруу Лизинг предмети бардык мүмкүн болгон зыяндардан, анын ичинде жок болуу, жоготуу, уурдатуу, бузулуу жана оору-сыркоо  тобокелдиги менен байланышкан зыяндардан кардар тарабынан камсыздандырышы зарыл
Өзгөчө шарттар

- лизинг предметин тариздөөдө  ар кандай жыйымдар, тейлөө кызматтардын наркы, салыктык төлөмдөр менен алымдар лизинг алуучу тарабынан төлөнөт.

- лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай колдонуусу үчүн жоопкерчиликти лизинг алуучу тартат;

- Лизинг алуучу жыл сайын өз каражаттарынын эсебинен малды ветеринардык кароодон өткөрүп турушу зарыл.

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 10,95 %дан

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж