Өнөктөш банктар, ФКМ жана башка финансылык институттар аркылуу максаттуу каржылоо программасы.

Өнөктөш банктар, ФКМ жана башка финансылык институттар аркылуу максаттуу каржылоо программасы. Коммерциялык банктар, ФКМ аркылуу лизингдик операцияларды каржылоо үчүн өнөктөш банктар, ФКМ жана башка финансылык институттар менен Кредиттик макулдашууга кол коюу жолу менен ишке ашырылат.

Параметры

Содержание

Банк

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы

Өнөктөш банк

ОАО “Айыл Банк”

Өнөктөш банктардын, финансы-кредиттик мекеме жана башка финансылык институттардын лизинг алуучулардын максаттуу тобу

Өнөктөш банктар, ФКМ жана башка финансы институттары үчүн каржылоо сектору

Өнөктөш банктар, ФКМ жана башка финансы институттары үчүн каржылоо сектору

Төмөнкү тармактарда иштеген чарбалык субъекттер:
• суу менен камсыздоо сектору;
• саламаттык сактоо сектору;
• энергетика тармагы;
• Автоунаа өнөр жайы;
• туризм;
• билим берүү, адам ресурстарын өнүктүрүү;
• илим, изилдөө жана технология;
• химия жана нефтехимия өнөр жайы;
• айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси;
• жеңил (тигүү жана текстиль) өнөр жайы;
• өндүрүш жана кайра иштетүү өнөр жайы;
• тоо-кен металлургия өнөр жайы;
• транспорт;
• соода;
• ишкердикти өнүктүрүү;
• инфраструктураны өнүктүрүү;
• маалымат технологиялары;
• электрондук коммерция;
• чыгармачыл индустрия;
• уюлдук;
• Туруктуу бизнес принциптерине ылайык уюштурулган ишканалар (ESG)

Өнөктөш банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин жана башка финансылык институттардын лизинг алуучулары үчүн лизингдин максаты

  • айыл чарба техникасынын бардык түрлөрү жана монтаждалган жана чиркегич жабдуулары;
  • атайын жабдуулар;
  • транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү;
  • өндүрүштүк, технологиялык, өндүрүштүк жана башка жабдуулардын бардык түрлөрү;
  • асыл тукум мал;
  • Өнөктөш Банктын, ФКФнын жана башка финансы институттарынын Кредиттик саясатынын талаптарына карама-каршы келбеген мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр.

Өнөктөш банктардын, финансы мекемелеринин жана башка финансы-кредиттик мекемелердин лизингчилери үчүн лизинг валютасы

- Сом

 

Өнөктөш банктардын, ФКФнын жана башка финансылык институттардын лизинг алуучулары үчүн лизинг мөөнөтү

- 8 жылдан ашык эмес;

Пайыздык чен

-  жылдык 12 (он эки) пайыз

Өнөктөш банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин жана башка финансы-кредиттик мекемелердин лизинг алуучуларынын каржылоонун суммалары

  • Насыянын максималдуу өлчөмү 150 миллион сомдон ашпашы керек.
  • Насыянын минималдуу өлчөмү 3 миллион сомду түзөт.
  • Өнөктөш банктар, финансы-кредиттик мекемелер жана башка финансылык институттар өз каражаттарынын эсебинен долбоорду кошумча каржылай алышат.

Долбоорго ижарачынын өз салымы

Өнөктөш банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ички ченемдик документтерине ылайык

Өнөктөш банктардын, финансы-кредиттик мекемеле жана башка финансылык институттардын лизинг алуучуларын каржылоону камсыз кылуу

Ар кандай мүлк өнөктөш банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин жана башка финансы-кредиттик мекемелердин лизинг алуучулары үчүн алынган кредит боюнча күрөө катары кызмат кыла алат.

Өнөктөш банк, ФКМ жана башка финансылык институттар үчүн төлөө графиги

Пайыздар үчүн – квартал сайын;

Негизги карыз боюнча - жылына 2 жолудан кем эмес

Өнөктөш банк, ФКМ жана башка финансылык институттар тарабынан кредиттик аражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен

Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда пайыздык чен жылына 20%га чейин көтөрүлөт. Банк Кардар тарабынан кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы жөнүндө маалыматты Кредиттик маалымат бюросуна киргизүү укугун өзүнө калтырат.

 

Чектөөлөр

камсыз кылбайт:

• камсыз кылуусу жок лизинг;

• Жеке жактарга лизинг;

• Эгерде мурда берилген лизинг/кредиттер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелер болсо;

• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына лизинг.

 

Ошондой эле каржылабайт:

• кумар бизнеси;

• аскердик өнөр жай;

• балдардын мажбурлоочу эмгеги колдонулган аймактар;

• мыйзамсыз алынган кирешелерди легалдаштырууга/ егалдаштырууга жана терроризмди каржылоого байланышкан иш-аракеттер;

• соода, өндүрүш жана курал колдонуу менен байланышкан башка иш- ракеттер;

  • • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин түрлөрү.

 

* Банк бул програманнын шарттарын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат

 

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж