Жооптуу банкинг

Жооптуу банкинг

Банк өз ишине экологиялык, социалдык жана башкаруу факторлорун интеграциялоо менен жооптуу банкинг принциптерин жүзөгө ашырат. Операциялардын ачык-айкындуулугу, туруктуу долбоорлорду колдоого алуу жавна кардарлар, акционерлер жана жалпы коом үчүн узак мөөнөттүү баалуулуктуу сактоого умтулуу камсыз кылынат.

Айыл Банк расмий түрдө түрдө БУУнун Курчап турган чөйрөнү коргоо программасынын финансылык демилгеси (UNEP FI)  жана дүйнөлүк банктар менен бирге  иштелип чыккан, туруктуу банктык тармактар үчүн жалпы негиз болгон БУУнун Жооптуу банк иши боюнча принциптерине кол койгон.

Принциптер банктардын стратегиялары жана практикалары БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарында жана климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусунда коом тарабынан аныкталган келечекке болгон көз карашына шайкеш келүүсүн камсыздоо үчүн жетектөөчү негиз болуп саналат. Принциптерге кол койгон банктар, туруктуу каржылоонун алдыңкы сабында калуу менен бирге, туруктуулукту өз бизнесинин эң маанилүү тармагына интеграциялоого жана киргизүүгө умтулууу аркылуу, өзүнүн туруктуу өнүгүү стратегияларында жигердүү иш алып барууга милдеттенишет.

Принциптерге ылайык, аларга кол койгон банктар өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн экологиялык жана социалдык таасирин аныктап жана өлчөп, алар өздөрү олуттуу таасир тийгизишкен тармактарда максаттарды белгилеп, аларды жүзөгө ашырышат жана өз жетишкендиктери тууралуу отчетторду мезгил-мезгили менен жарыялап турушат. Принциптер банктарга тобокелдиктерди системалуу түрдө түшүнүүгө жана кыйла туруктуу экономикага өтүү учурунда келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн негиз берет.

Принциптерге кол койгондор банктык продукттар, кызмат көрсөтүүлөр жана өз ара мамилелер адамдар жана жер шаары үчүн оңтойлуу келечекти түптөө аркылуу учурдагы сыяктуу эле, келечектеги муундар үчүн жалпы жыргалчылыкка, өнүгүп-өркүндөөгө жетишүү үчүн зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кантип колдоого алып, аларды ылдамдата алуусун көрсөтүү менен өздөрүнө лидерлик ролду алышат. Банктар ошондой эле, алдынкы тажрыйбалары менен бөлүшүп,  бүтүндөй тармак үчүн пайдалуу болгон тажрыйбалык сунуштардын жана алдынкы инсрументтердин (шаймандардын) үстүндө иш алып баруу менен туруктуу каржылоого көңүл топтогон дүйнөдөгү ири банктык коомчулукка кошулушат. 

Климаттын өзгөрүшү, жаратылышты жоготуп алуу коркунучу, курчап турган чөйрөнүн булганышы жана социалдык көйгөйлөр сыяктуу планеталык кризистерди чечүү үчүн мындай дымактар тез арада талап кылынган учурда, ал болуп көрбөгөндөй масштабдуу жана камтуу болуп саналат.

Айыл Банк ар дайым ишти жогорку сапатта өнүктүрүүгө жана жоопкерчиликтүү тескөөгө алууга умтулуп келет. Жоопкерчиликтүү банк иши принциптери туруктуу чечимдерди кабыл алууга, так жана дымактуу максаттарды коюуга карата Банктын мамилесин чагылдырат. Айыл Банкта аталган багыттын ишин жөнгө салуу жагында бир катар документтер кабыл алынган, анын ичинде ESG стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасы, корпоративдик башкаруу кодекси, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди тескөөгө алуу саясаты, курчап турган чөйрөгө жана коомго тийгизилген таасирге баа берүү боюнча жобо.